Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:57

Багдадда америкалыктарга каршы ири демонстрация болуп өттү


Ирактагы Муктада ас-Садр аттуу имамдын миңдеген колдоочусу бүгүн Багдад шаарынын көчөлөрү аркылуу өтүп, америкалык аскерлердин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылды. Демонстрацияга катышуу үчүн борбор калаага Басра, Амара, Насирия сыяктуу шаарлардан жүздөгөн адам келди. Коопсуздук күчтөрү Багдаддын борбордук аймактарына митингчилерди өткөргөн жок. Садрдын "Мехди армиясы" деп аталган куралдуу тобу былтыр америкалыктарга каршы эки көтөрүлүш чыгарган. Кечээ күнү кечинде Латифия шаарында куралдуу кагылышуу болуп, 15 өкмөттүк аскер окко учту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG