Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:27

АРЫЗЫН ЖАЗГАН АКАЕВ, КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА, ЖЕР БАСЫП АЛУУ


Өтүп бараткан аптада А.Акаевдин президенттик кызматтан кетүү арызынын айланасындагы талаш уланды. Айрым саясий күчтөр бийлик алмашуусунан кийинки кризисти жоюунун бир жолу катары Конституцияны өзгөртүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Ал арада Бишкектин айланaсындагы жерлерди басып алуу башталды.

24-марттагы элдик ыңкылаптын жаасынан чочулап кызматын таштап кеткен президент А.Акаев 4-апрелде арызын жазып берди. Боесу канган ишке мыйзамдуу өң-түс берүү амалында ат арытып Москвага барган парламенттик делегация А.Акаевдин арызын алып жерине кайтты.

- Эл ишенимине арзып өлкөнү башкаруу жоопкерчилигин алган болочок мамлекет башчысына кайрылып айтар сөзүм, башталган жана улантылып келаткан өлкө экономикасын көтөрүү, калк турмушун жакшыртуу, жакырчылыкты азайтуу ишин алдыга жылдырыш керек. Бул жаатта аткарылган көп иштер бар, эми аларды улантуу гана зарыл. Өзгөчө маанилүү милдет - өлкөнүн эларалык кадыр-баркын сактап, аны кемитпей кармап калуу. Биз цивилизациялуу калк экенибизди, цивилизациялуу коомдо жашоого акылуу экенибизди көрсөтүшүбүз лаазым,- деп айтты А.Акаев.

Кызматынан четтетилген А.Акаевдин элге кайрылуусу жаңы парламентте чоң талашты жаратты. Экс-президент менен парламент делегациясынын эки күндүк сүйлөшүүсүнүн натыйжасында пайда болгон 4 пункттан турган протокол депутаттардын биртобунун нааразылыгын чыгарып, кызматын таштай качкан башкы командачы, мамлекет башчысын кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектиги айтылды.

Узак талаш-тартыштан соң 8-апрелде парламент мүчөлөрү экс-президент тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизип, ага берилчү бир катар мамлекеттик жеңилдиктер алынып салынды. Жаңыланган мыйзам боюнча, непадам А.Акаев Кыргызстанга келип жашай турган болсо кол тийбестик анын өзүнө гана сакталат. Үй-бүлө мүчөлөрүнө алдагыдай мыйзам жеңилдиги берилбейт.

Экс-президент жыл сайын кыргыз элине маанилүү коомдук-саясий маселелер боюнча кайрылуу жасаганга, Жогорку Кеңеш депутаттарынын алдында чыгып сөз сүйлөө, Коопсуздук кеңешине мүчө болуу укугунан ажыратылат. Жадесе экс-президент мамлекеттик маалымдоо каражаттары аркылуу каалаган маалында акысыз калк алдында чыгып сүйлөө мүмкүнчүлүгүнө да ээ болбой калды.

Антип, экс-президентти абсолюттук дегидей укукка ээ кылуунун себеп-жөнүн мурдагы парламент депутаттары конституциялык эки мөөнөттү ашыгы менен аткарып, үчүнчү мөөнөт мамлекет башкарып отурган А.Акаевди кийинки шайлоого катыштырбаштын, кызматын мыйзамдык негизде өткөрүп беришине шарт түзүү амалында жасап жатканын айтышкан.

Окуялардын кийинки өнүгүүсү көрсөткөндөй, 15 жылдан бери Кыргызстанды башкарып келаткан президентке абсолюттук укуктун кереги деле жок экен. Кысталыш чакта ал кызматын таштап, бала-чакасын алып Орусияга качып кетти. Мына ушул жагдай президенттин таламын талашчу «Алга, Кыргызстан!» партия мүчөлөрүн да кыйла ойлонткон белем, парламент жыйынына катышкан 63 депутаттын 60 экс-президентке багышталган мамлекеттик камкордуктардын биринен сала экинчиси алынып салынганына каршы чыгышкан жок. Парламенттеги көпчүлүк орунду «алгачылар» ээлегени элдин баарына дайын.

Айтса, депутаттар мурунку Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны чектеген президенттик шайлоону 26-июнга дайындоо тууралуу токтомду да жокко чыгарышты. Президент шайлоонун качан өтөрү А.Акаевдин арызына байланышкан маселелер ччеилгенден кийин каралмай болду.

7-апрелдеги парламент жыйынына жаңы өкмөт мүчөлөрү да катышып, анда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов көпчүлүктүн бүйрүн кызыткан маселе – Аскар Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкүн аныктоо боюнча мамлекеттик комиссия түзүү зарылдыгын айтты:

- Муну биз терең талдап, 24-мартта калк эмнеге нааразы болуп чыкканын аныктап чыгышыбыз керек. Бул бир жагы. Экинчи жагынан өкмөт атайын комиссия түзүп биринчи президенттин үй-бүлөсү менен жакын тууган-туушкандарына тиешелүү мүлктү аныктап чыгууга киришти. Тизме боюнча болжол менен 42 ишкана бар экен, буларды тактап чыгуу зарыл. Аны биз тактап чыгабыз. Оголе көп сандар айтылууда. Мен маалымат үчүн айта кетейин. Себеп дегенде, экс-президент, ага байланышкан маселелер сөзсүз талкууга алынат. Менин колумда мурдагы өкмөттүн жашыруун токтому турат. Ишенбай Кадырбеков айткан президенттин үйүнүн сметалык баасы 487 миллион сомду түзөт. Жарым миллиардка жакын сом.

Азырынча ачыкка чыккан дагы бир маалымат. Президент А.Акаевге деп салынган китепкана да оңор эмес акчага курулган.

- Ушу азыр Италиядан президент китепканасына делинип 222 миң евро баасындагы эмерек алып келе жатышат. 125 миң евро баасындагы люстралар Түркиядан келатат. Китепкананын сметалык баасы 224 миллион сомду түзөт,- деп маалымдады Данияр Үсөнов.

Жаңы өкмөт айтылуу «Мээрим» фондуна тийиштүү дүйнө-мүлктү да мамлекет эсебине алынышы туура деп эсептейт. Себеп дегенде, М.Акаева жетектеген кайрымдуулук фонду оголе ири суммадагы акчаларды өкмөт кепилдиги менен алып, анын кайда, канча жумшалганын эч качан маалым кылган эмес.

6-апрелде Жогорку сот «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Куловдун кылмыш иштерин кайрадан карай баштады. 18 томдон турган кылмыш иши боюнча Ф.Куловго негизинен кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, ири суммадагы акча каражаттарын уурдап жок кылган деген айыптар коюлган. Феликс Куловдун адвокаты Любовь Иванова «Арнамыс» партия жетекчисинин адамдык укугу басмырланып жатканын көрсөтүп, соттук териштирүү маалында эларалык укуктук нормалар сакталбаганын айтып Улуттар уюмунун Адам укугу боюнча башкы комисаарлыгына арыз жолдогон.

Арызда көрсөтүлгөн маселелер уюмдун тиешелүү комитетинде каралып, дипломатиялык кат кыргыз өкмөтүнө жөнөтүлгөнүн Любовь Иванова ушул жылдын 24-февралында эле алган. Бирок да расмий кат Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде кыйлага чейин кармалып, 24-марттагы элдик ыңкылаптан кийин гана арыз ээсинин колуна тийген.

Ф.Куловдун кылмыш ишин кайра кароо жаңы шарт-жагдайга байланыштуу чыкканын Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Жогорку сотко жолдогон билдирүүсүндө да белгилеген. 6-апрелде Жогорку сот Феликс Кулов улуттук коопсуздук министрлигин жетектеп турган кезинде кызматынан кыянаттык менен пайдаланбаганын ырастап, анын аракетинде эч кандай кылмыш иши жоктугун тастыктады.

Кийинки күнү «Арнамыс» партия жетекчисине байланышкан экинчи кылмыш иши, Ф.Куловдун Бишкек шаар башчысы, Чүй облус акимчилигин жетектеп турган кезинде ири суммадагы акча каражатын уурдоого катышкан деген айыбын териштирүүгө киришти. Бишкектин Биринчи май райондук соту Ф.Куловду айыптуу деп таап 10 жылга эркинен ажыратып, баш-аягы 18 миллион ашуун сом айыппул салган. Бишкек шаар башчысы кезинде келтирген зыян катары эсептелген 15 миллион сом айыппулду Биринчи Май райондук соту мыйзамдык негизге таянбай эле салып койгонун айтып, Ф.Кулов маселени арбитраждык сот аркылуу териштире тургандыгын билдирди.


- Башталса мен жиберем, Арбитраждык сотко сөзсүз жиберем, ушундай ишти атайын жасашты.

Аптанын дагы бир маанилүү окуясы катары Конституциялык сот төрайымы Чолпон Баекованын демилгеси менен башталган Башмыйзамды реформалоо демилгеси болду. 9-апрелде Бишкектеги «Хаятт» мейманканасында чогулган саясий партия, бейөкмөт уюмдар, өкмөт, эларалык уюмдардын, массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Конституция реформалоого муктаж экенин ырасташып, бул маанилүү ишти маалкатпай эртерээк чечүү керектигин билдиришти. Президент бийлигин чектөө, парламенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү, шайлоо системасын жаңылоо маселелери талкууланды. Ал тууралуу Чолпон Баекова мындай пикирин билдирди:

- Азыркы мезгилде президент жок болгондон кийин мамлекеттин негизги мыйзамын кабыл алуу камын же болбосо аны тескөө камын көрүү керек. Биздеги мыйзам чыгаруучу орган парламент, Жогорку Кеңеш, бүгүнкү тегерек үстөл катышуучулары ошол тарапка кайрылат го.

Жаңы өкмөт деле конституциялык реформага каршы эместигин Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева да ырастады.

- Биз азыр ушул шайлоону өткөрсөк туура болот эле. Июль десе июль, мына парламент чектеп атат. Чындап эле азыркы кырдаалды, революциялык убакты пайдаланып, биздин турмушка чоң өзгөрүүлөрдү киргизишибиз керек. Сөзсүз мындай учурду пайдаланбасак, анда качан дегендей. Бирок да бул бир күндүн иши эмес да.

24-марттагы элдик ыңкылапты коштой чапкан дүкөндөрдү талап-тоноочулуктун арааны эми жерге жайылып, бул аптада Бишкекте бош турган жерлерди ээлеп алуу аракети күчөп кетти. Кыйла жылдар кезегин күткөн жергиликтүү калк дагы үрпөйүп, жер басып алуучулардын уламдан-улам күчөп бараткан чогоолдугуна кандай жооп бериштин айласын таппай отурушат.

10-апрелде Бишкектин «Алатоо» аянтында Сокулук, Аламүдүн, башкалаанын жашоочуларынын нааразылык жыйынында чыгып сүйлөгөн өкмөт башчы Курманбек Бакиев бул талашты кечээ бийликтен качып кеткендер жасап жатканын билдирди:

- Кечээ командадан качып кеткендер бүгүн минтип былгытып жатышат. Өкмөт башчы, президент милдетин аткаруучу катары мен биринчи иретте мыйзамды коргойм.

Өкмөт башчы мыйзамды бузгандар жазаланарын, эч кимге мыйзамды бузууга жол бербестигин айтты.
XS
SM
MD
LG