Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:40

11-апрелдеги аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Метеорологиялык борбордун маалыматы боюнча апрелдин он биринде Кыргызстанда ала булут каптап турат. Жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан мелүүн жел жүрөт.

Абанын температурасы:
Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн 0...+5 градус жылуу, айрым жерлерде 0 градустан -2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз +11...+16 градус жылуу.
Таласта түнкүсүн 0...-2 градус суук, үшүк жүрөт, күндүз +9...+11 градус жылуу болот.
Республиканын Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +10...+15 градус жылуу.
Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн 0...+5 градус жылуу, кээ бир жерлерде 0...-3 градуска суук болот.Күндүз +5...+10 градус жылуу.
Нарында түнкүсүн -3...+2, күндүз +9...+14 градус.
Ордо калаабыз Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 0...+2, күндүз +12...+14 градус жылуу.
Күндүн узактыгы 13 саат, 10 мүнөт.

Бурулкан Сарыгулова, Бишкек

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG