Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:52

Курманбек Бакиев: «Жер талаш атайын уюштурулууда»


БИШКЕК. Жекшемби күнү борбордук Алатоо аянтына миңге жакын киши Бишкектин айланасындагы жерди өз алдынча ээлеп алгандарга каршы нааразылык митингин өткөрүштү. Митингге чыккандар «Бакиев башаламандыкты токтот!», Мыйзамдуулукту талап кылабыз!», «Жерди басып алууга жол бербейбиз!» деген өңдүү жазууларды кармап, Курманбек Бакиевден жолугушууну талап кылышты.

Жогорку Кеңештин депутаттары Темир Сариев менен Хажимурат Коркмазовдун билдиргендерине караганда, мындай нааразылыктын пайда болушуна Бишкектин айланасындагы айдоо аянттарын массалык түрдө мыйзамсыз ээлеп алуулар түрткү болду. Митингге келгендер менен президенттин милдетин аткарып жаткан премьер министр Курманбек Бакиев, биринчи вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбеков, вице-премьер министр Данияр Үсөнов жолугушуп, жерди мыйзамсыз басып алууга жол бербөөнү убада кылышты. К.Бакиев өз сөзүндө жерге байланышкан чыр-чатакты атайын уюштурулуп жаткан көрүнүш катары баалады. Митингде элдин талабын Темир Сариев окуп берди. Анда чукул аралыкта басып алынган жерлерди бошотуу талабы коюлуп, аткарылбаган шартта Бакиевдин кызматтан кетиши талап кылынары айтылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG