Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

КЫТАЙДА ЖАПАНГА КАРШЫ МААНАЙ КҮЧӨӨДӨ


Ишемби күнү он миңдей адам Япониянын Бээжиндеги элчилигин жана шаардагы япониялык мекеме-ишканаларды ташбараңга алышты. Жекшемби күнү ушундай акциялар өлкө түштүгүндө да өттү. Демейде ар кандай демонстрацияларга каршы чечкиндүү аракеттенүүчү Кытай полициясы ташбараңды тыйган жок. Кыжырданууларга Японияда жаңы тарых китебинин чыгышы себеп болду. Кытайлардын айтышынча, окуу китебинде Экинчи дүйнөлүк согуш кезинде япондор Кытайда жасаган мыкаачылыктар жаап-жашырылган. Антияпониялык акцияларга байланыштуу ырасмий Токио жекшемби күнү нааразылык билдирди.

Ишемби күнү Бээждинде он миңдей адам катышкан антияпондук нааразылык акциясы өттү. Демонстранттар Япониянын элчилигине таш, шише, жумуртка ыргытып, терезелерин сындырды. Алар ошондой эле ордо шаардагы япондорга караштуу ишкана- мекемелерди да ташбараңга алышты.
Жергиликтүү жана аскерий полиция “Япон имериализми жоголсун!” “Япон товарларын сатып алуу уят!” деген ураандарды көтөргөн караламан калкты коштоп жүрдү. Бирок, маалымат булактары ырастаганга караганда, полиция Япониянын элчилигине темир-тезек ыргыткандарды тыйбай байкап турду. Демонстранттардын бири:

-Япондор Экинчи дүйнөлүк согуш тушунда Азия өлкөлөрүндө өтө олуттуу кылымштарды жасашты.Ал үчүн өздөрүн алиге күнөөлүү деп санашпайт. Буга эч ким чыдабайт. Бул эч бир кытайлык чыдагыс иш.

Ишемби күнкү “демонстрациянын катышуучуларынан Кытай өкмөтү тынчтыкты жана акыл-эстүүлүктү, өз көз караштарын мыйзамдуу жана уюмдашкан жол менен билдирүүнү талап кылганын” өкмөттүк Синхуа агенттиги Тышкы иштер министрлигине шилтеп маалымдады.

Жекшемби күнү Япониянын тышкы иштер министрлиги антияпондук акцияларга байланыштуу Кытайдын Токиодогу элчисине нааразылык нотасын тапшырып, “өтө чеки иш болгонун” билдирди.
Япониянын тышкы иштер министри Нобутака Макимура Бээжиндеги жана башка шаарлардагы япон мекеме-ишканаларын ташбараңга алууга мындай баасын берди:

- Бир катар талап-тоноочулук ишемби күнү, ошондой эле 2- жана 3-апрелде Чжанцян жана Гуанчжоудо болду. Бул өтө олуттуу проблема. Мен ага каршы нааразылык билдирем.

Бээжинде, ошондой эле Кытайдын түштүгүндөгү Гуанчжоу жана Чжанцзян шаарларындагы кыжырданууларга Японияда жаңы тарых китебинин чыгышы шылтоо болду. Кытай тарап береги окуу китебинде Экинчи дүйнөлүк согуш жылдары япон аскерлери кытайларга көрсөткөн зобун-зордуктары үстүрт баяндалган деп санайт. Бээжиндин ырасташынча, 1931-1945-жылдардагы япон оторчулугу тушунда 35 миллион Кытай жараны жок кылынган же кордолгон.

Ырасмий Токио тарых китеби өкмөттүк эмес жеке менчик компаниялар тарабынан даярдалганые, мектептер өздөрү каалаган окуу китебин колдонушаарын билдирди.

Кытайдагы антияпондук маанай өткөн айда Токио Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болот деген кабарлардан кийин өзгөчө курчуй баштады. Бүгүнгө карай, 20 миллиондой кытайлык жаран Япониянын Коопсуздук Кеңешине мүчө болуусуна каршы петицияга кол коюшту.
Ага дейре эки тарап Чыгыш Кытай деңизиндеги газга бай майда аралдардын ээлигин талашып, кайым айтышып жатышкан.

Япониянын Кошмо Штаттардын Тайванды коргоого алуу саясатын жактап чыкканы да, Токио-Бээжин арасындагы алаканын осолдошуна өбөлгө болду. АКШ- Тайвань ортосунда февралда жетишилген макулдашууга ылайык, Кытай непада Тайванга чабуул жасаса, Вашингтон арал-малекетти коргоого алат. Кытай 1949-жылы өлкөдөн бөлүнүп кеткен Тайванды өзүнүн ажырагыс бөлүгү эсептейт.

Япония болсо Кытайды тарыхты бурмалоодо, жарандарын япондорду жек көрүүчүлүктү жайылтууда деп айыптоодо жана куралдуу күчтөрүн тез өнүктүрүп жатканын айтып сындоодо.
XS
SM
MD
LG