Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:58

АКШнын президенти Жорж Буш бүгүн Израилдин премьер- министри Ариэль Шарон менен жолугат


Алар президент Жорж Буштун Техас штатындагы ранчосунда жолукмакчы. АКШнын президенти сүйлөшүүлөрдүн учурунда Ариэль Шаронго Иордандын Батыш жээгинен чыгып кетүү планына колдоо көргөзөөрү, ал эми Иерусалим шаарынын жанындагы оккупацияланган аймактардагы жөөт конуштарын кеңейтүү планынан баш тартууну талап кылары күтүлүүдө.

Мунун алдында, кечээ, Израилдин жүздөгөн полицейлери ашынган улутчул жөөттөрдүн Храм тоосунда митинг өткөрүүсүнө жол берген жок. Ашынган улутчулдар ал жерге Газа секторунан жөөт аскерлери чыгарылып, конуштардын көчүрүлүшүнө каршы нааразылык акциясына чогулушмак. Храм тоосу жөөттөр үчүн да, мусулмандар үчүн да ыйык жер катары эсептелет.

Палестинанын экстремисттик топтору эгер ал жерде демонстрация өтсө Израил менен элдешү жараянын үзгүлтүккө учуратарын эскертишкен. Израилдин полициясы Храм тоосуна алып баруучу жолдорду түгөл жаап, улутчулдардын бир нече активисттин камакка алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG