Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Ирактын жаңы президенти өлкөдө америкалык аскерлердин калышын жактайт


Жалал Талабани Си Эн Эн телеканалына берген маегинде Ирактын өз аскерлери жок болгондуктан ал АКШ баштаган коалициялык күчтөргө муктаж экенин белгиледи. Ишемби күнү башкалаа Багдадда жана башка шаараларда америкалык аскерлерди чыгаруу талабы менен массалык демонстрациялар өткөн эле. Аны радикал шийиттердин лидери, белгилүү динаятчы Моктада ас- Садрдын жактоочулары уюштурган.

Мунун аралыгында Ирактын кызматтан кетип жаткан премьер- министри Ияд Аллави анын парламенттеги блогу жаңы өкмөттүн курамына кирүүсүнө макул болду. Аллавинин өкүлүнүн айтымында, алар азыр өкмөттөн кайсыл кызматтарды берилээри боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG