Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:05

11-апрелде Жогорку сот «Арнамыс» партия жетекчиси Ф.Куловдун аракетинде эч кандай кылмыш жок деп, аны толук актады. Жогорку сот чечимин Ф.Куловдун сотуна келген миңдеген адамдар кубануу менен тосуп алышты. Бүгүн түшкө жуук Ф.Кулов маалымат жыйынын өткөрдү.

Жогорку сот Феликс Куловдун кылмыш иштерин кайра кароону 6-апрелде баштаган. Бул күнү «Арнамыс» партия жетекчисинин коопсуздук министрлигин жетектеп турган кезде кызматынан кыянатттык менен пайдаланган, парламент депутаты Дооронбек Садырбаевдин иш бөлмөсүнө жашыруун кирүүгө уруксат берген деп айыпталып 7 жылга ажыратылган. Жогорку сот аскер соту чыгарган өкүмдү жокко чыгарып, Ф.Куловдун аракетинде кызматынан кыянат пайдалануу болбогондугун ырастаган.

11-апрелде Жогорку сот Ф.Куловго байланышкан экинчи кылмыш ишти кайрадан карап Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун соту тарабынан коюлган күнөөнү четке кагып аны толук актады. Ф.Кулов Чүй облусу менен Бишкек шаарын башкарып турган кезде ири өлчөмдөгү акча уурдаган, кызматынган кыянат пайдаланган деп райондук сот аны 10 жылга эркинен ажыратып, 18 миллион ашуун сом айыппул салган.

Феликс Кулов саясий туткун катары куугунтукталып келгенин эларалык адам укугу боюнча уюмдар белгилеп, ишти калыс, мыйзам чегинде чечүү зарылдыгын Улуттар уюмунун адам укугу боюнча комитети ушул жылдын 24-февралында кыргыз өкмөтүнө жөнөткөн. 24-марттан кийин өзгөрүлгөн жагдайга жана сот өкүмү Кыргызстан кол койгон эларалык укук нормаларын сактабай чыгарылганын белгилеп Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Жогорку сотко билдирүү жөнөткөн. Жогорку сот Ф.Куловду толук актап, кыйладан бери келаткан талаштуу ишке байланышкан маселелерге чекит койду.

Жогорку сот өкүмү чыккандан кийин Феликс Кулов маалымат жыйынын өткөрүп, анда алдыда өтүүчү президенттик шайлоого катышар-катышпасын учурдагы өкмөт башчы Курманбек Бакиев менен кездешкен соң айтарын билдирди. Бишкектеги жер басып алууларга токтолгон «Арнамыс» партия жетекчиси муну бийликтен ажыраган таасирдүү күчтөр тымызын уюштуруп жатканын белгиледи. Караламан элди бийликке каршы коюп, мыйзамсыз аракеттерге түртүп аткандар кимдер экенин аныктап чыгуу анчалык деле кыйынчылыкты туудурбайт. Жаңы бийлик мындай одоно мыйзам бузууларга бөгөт койбосо өлкө коркунучтуу абалга капталат. Бирөөнүн ээлигине көз артуу, аны тартып алуу аракети мыйзам чегинде четке кагылышы керек. Эгер андай болбосо ортодо кагылыш чыгып, Кыргызстан кыйын жагдайга кириптер болгону турат, деп билдирди ал.

Тартип коргоо кызматына көмөк көрсөтүп, бейпилдикти орнотуу милдетин аркалап келаткан Элдик кошуундун жетекчиси Үсөйүн Кудайбергеновдун 11-апрелге караган түнү белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлүшүнө токтолгон Ф.Кулов бул кылмыштуу иштин артында өлкөдө тынчтык менен бейпилдик орношун каалабаган күчтөр турушат деп билдирди. Ф.Куловдун ырасташынча, 24-марттан кийинки талап-тоноочулукту учурунда басып, калктын коопсуздугун камсыз кылууга жетишкен элдик бийликтин аракеттерин жактырбай, Кыргызстанды башаламандыкка түртүп, ушундан өзүнө пайда табууну көздөгөн күчтөр мыйзамсыз аракеттерди жасоого өтүштү.
XS
SM
MD
LG