Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:03

ПAРЛАМЕНТ АКАЕВДИН АРЫЗЫН КАБЫЛ АЛЫП, 10-ИЮЛГА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУ БЕЛГИЛЕДИ


11-апрелде Жогорку Кеңеш президент Аскар Акаевдин берген арызына жараша президенттик ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу токтом кабыл алды. Ушул эле күнү парламент 2005-жылдын жылдын 10-июлунда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү белгилеп, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын бекитти.

Президент Аскар Акаев 24-мартта Кыргызстандан чыгып кетип, 4-апрелде Москвадагы Кыргызстандын элчилигинде кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын Жогорку Кеңешке жазып берген. Парламент арызды расмий түрдө кароону 7-апрелде баштап, 11-апрелде соңуна чыгарды. Талкуунун узакка созулуусуна Аскар Акаевге биринчи экс-президент катары бериле турган ыйгарым укуктар жана артыкчылыктар жөнүндөгү мыйзамдын талаш-тартыш туудуруусу себеп болду.

Төрт күнгө созулган талкууда депутаттар Акаевдин коопсуздугун жана Кыргызстан аймагында жан сакчы менен камсыздоо жагын гана калтырды. Ал эми Акаевдин жана анын үй-бүлөсүнө таандык мүлктүн тагдырын атайын комиссия иликтеп чечмекчи.

11-апрелде депутаттар бир жарым саат бою Бишкектин тегериндеги кырдаалды, жер басып алуучулукту талкуулап, токтом кабыл алды. Танапистен кийин гана президент Акаевдин арызын кароо маселесин кароого киришти. Төрага Өмүрбек Текебаев парламент өткөн жума күнү кабыл алган “Экс-президент жөнүндөгү” мыйзамга президенттин милдетин аткаруучу кол койгонун, ошондуктан Акаевдин арызын кароого болорун билдирди. Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн кабыл алуу жөнүндөгү парламент кабыл ала турган токтом долбоорун Текебаев окуп берди:

Жогорку Кеңеш токтом кылат: 1.Кыргыз Республикасынын президенти Акаевдин өзүнүн арызы боюнча өзүнүн президенттик ыйгарым укуктарды алып салгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтолду деп эсептейт. Арызын жазды, токтоду. Менин оюмча, бул абдан компромистүү чечим.

Токтом долбоору окулган соң маселе добушка коюлуп, 38 депутат Акаевдин кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын кабыл алалы деп добуш берди. Андан кийин депутаттар мөөнөтүнөн мурда болуучу президенттик шайлоонун күнүн белгилөөгө өтүштү. Депутат Алишер Сабировдун сунушу боюнча мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-июлга белгиленди. Бул сунушту колдоп 48 депутат добуш берди.

Президенттик шайлоо белгиленгенден кийин депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын шайлоого киришти. Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Курманбек Бакиев бул кызматка Туйгуналы Абдраимовдун талапкерлигин көрсөткөн. Жогорку Кеңештин трибунасына чыккан Абдраимовдун депуттар алдындагы сөзү кыска болду:

Ушул кезге чейин түз, калыс эле иштеп келгенге аракет кылгам. Ишеним көрсөтсөңөр мындан ары да ошондой иштеп берем.

Андан кийин депутаттар талапкерге суроо берүүгө өттү. Алишер Сабиров мындай суроо берди:

Сизди шайласак, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы катары Конституциянын талаптарын аткарасызбы?.

- Албетте, бул боло турган иш, деп жооп берди Абдраимов.

11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынына алгачкы ирет катышып, антын берген Куршаб округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагалыгына талапкерден иштөөнүн программасы жөнүндө маселени койду. Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам чегинде иштери жөнүндө жооп берилди. Андан кийин депутаттар жашыруун добуш берүү менен Туйгуналы Абдраимовду Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагалыгына бекитти. Аны колдоп 54 депутат добуш берди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG