Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

ЖАЛАЛАБАТТА ПИКЕТЧИЛЕР ЖӨӨ ЖҮРҮШКӨ ЧЫГААРЫН БИЛДИРИШТИ


Ырысбай Абдыраимов, Базаркоргон Жалалабат облусун төрт күндөн бери Базаркоргон райондук бийлигинин имаратын ээлеп турган адамдар 11-апрелде координациялык кеңеш шайлаган адамдар райондун башчыларын бекитүүнү, мамлекеттик сыналгылар менен президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыковду элден кечирим суроосун талап кылышып, талаптары аткарылбаса облустун борборун көздөй жөө жүрүшкө чыгып, Ош-Бишкек унаа жолун тосоорун билдиришти.

Райондук бийликтин имаратын төрт күндөн бери ээлеп турушкан төрт жүз адам өздөрү тандаган кишини район акимдигине бекитүүнү жана президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыков менен мамлекеттик сыналгылардын кечирим суроосун талап кылышты:

- Шайланган Маматкулов Райымбек Токтогуловичти бекитип берүүсүн суранабыз. Акимди шайлайм деп келген аппараттын жетекчиси Үсөн Сыдыков биздин адресибизге теледен бир жактуу сөздөрдү айтып, жамандап жатат. Ушунча элдин намысына шек келтиргени үчүн биздин алдыбызга келип кечирим сурап, биздин талабыбызды орундатып берсин деп кайрылып жатабыз. Курманбек Бакиев бийликке келгенден бери бир жактуу сүйлөп, бир кишиге асылып атат - деди ал жөнүндө пикетке чыккандардын бири.

Атыргүл Шерматова убактылуу президент Курманбек Бакиевди Үсөн Сыдыковдун сөздөрүнө ишенбөөгө чакырды:

- Урматтуу Курманбек Салиевич, эгер менин үнүмдү угуп аткан болсоңуз, элдин ортосуна келип бузган Үсөн Сыдыков деген кишилердин сөзүнө кирбеңиз. Биз “бир бармагымды тиштесем, бир бармагым ооруйт” деген абалда турабыз. Сиз дагы, Өмүрбек Текебаев дагы биздин уулдарыбызсыңар. Ошондукатан биз сизден суранабыз, акыл калчап, анан кийин иш тутуңуз. Сиз көрүнгөндүн сөзүнө ишенбеңиз.

Райондук Кеңештин төрагасы Калдарбай Шамшидиновдун пикири боюнча, кырдаал айрым адамдардын өз пикирин түшүнбөгөндүгүнөн курчууда:

- Бүгүн кээ бир адамдарыбыз өзүнүн пикирин өзү түшүнбөгөнүнөн ушул окуя болуп атат.

Акимдикке президенттин жардыгы менен убактылуу дайындалган Айтмамат Осмонов абалды жөнгө салуу үчүн аракет жасап, бийлик башка жерде иштеп жатканын билдирди:

- Аксакалдардын, авторитеттүү адамдардын, мекеме, уюмдун
жетекчилерин айттырып көрөлү, жөнгө келээр бекен деп тынчтык жол менен келип айтырууга аракет жасадык. Бирок эч кандай оң сөзгө келишпеди. Бул маселени туура эмес акция деп эсептейм. Өмүрбек Текебаевдин аброюна шек келтирбейбиз. Бирок, туура иш кылбаса стабилдүүлүктү бардык жерде бузат. Мындай ишти ар кандай адам жасаса болот,
- Айтмамат Осмонов ушундай деди.

Имаратты ээлегендер, ал жабыктыгынан жетекчилер менен башка жерде сүйлөшкөн губернатор Жусуп Жээнбековго мындайча нааразы болушту:

- Бул жерге келип эл менен сүйлөшсүн.

Губернатор Жусуп Жээнбеков маселени администрация башчы Үсөн Сыдыков жана Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин катышуусу менен ишемби күнү талкулоону сунуш кылды:

- Базаркоргондун кырдаалы Кыргызстан бою дүң болуп атат. Менин үчүнчү жолу келишим силерге. Текебаевди, Үсөн Сыдыковду суббота күнү чакыртайын.

Мындай сунушту жактырбагандар Ош-Бишкек жолун тосоорун:

- Жөө жүрүш жасап, Жалалабат облусуна барып губернатордун имаратын оройбуз - деп жөө жүрүшкө чыгаарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG