Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Кулов президенттик шайлоого барыш-барбашын Бакиев менен жолуккандан кийин айтат


БИШКЕК. Президенттик шайлоого барар-барбасын Феликс Кулов президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Курманбек Бакиев менен бетме-бет сүйлөшкөндөн кийин так айтат. Мындай пикирин «Арнамыс» саясий партиясынын Жогорку Сот тарабынан жаңыдан акталган төрагасы Феликс Кулов билдирди. Анын пикиринде, башкы маселе Кыргызстанда стабилдүүлүктү сактоо. Учурда өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирүү максатында атайын күчтөр аракет кылууда. Бул жагдайды жөнгө салуу үчүн азыркы өкмөт жана парламент атайын чечимдерди кабыл алып, ошонун чегинде иш алып барышы керек. Феликс Кулов саясаттагы ишмердүүлүгүн улантат. «Арнамыс» саясий партиясы парламенттик республика түзүү камын көрөт. Ал эми партиянын жакынкы аралыктагы максаты партиянын курултайын өткөрүү. Феликс Кулов «Элдик конгрессти» да жетектейт. Анын тутумуна Алмаз Атамбаевдин «Социал-демократтар», Өмүрбек Текебаевдин «Атамекен» жана өзүнүн «Арнамыс» партиялары кирет.

XS
SM
MD
LG