Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:42

Каскадер Үсөн Кудайбергеновду атып кетишти


БИШКЕК. Каскадерлер ассоциациясынын президенти, «Эл адилет» элдик кошуундун төрагасы Үсөн Кудайбергенов 10-апрелде кечки саат тогуз чамасында белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында элдик кошуундун өкүлү Сулайманов Жолдошбек билдирди. Анын айтымында, элдик кошуун мамлекеттик стратегиялык объектилерди жана элдик мүлктү сактоо максатында 24-мартта түзүлүп, ошондон бери өлкөдөгү стабилдүүлүктү камсыздоо максатында иш жүргүзүп келген жана 25 миң мүчөсү бар бул уюм саясий максатты көздөбөйт. Ошондой болсо да, Кудайбергеновдун өлүмү саясий мүнөзгө ээ. Сулаймановдун билдиргенине караганда, Кудайбергенов өлгөн жерде Макаров жана ТТ үлгүсүндөгү тапанчалардын гильзалары калган. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлаганына караганда, Үсөн Кудайбергеновдун өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө тобу түзүлдү. Кудайбергенов Феликс Кулов иши боюнча «Манас 1000» мааракесин уюштурууда кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып менен түрмөгө кесилген. Алты жыл жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин ал өткөн жылы түрмөдөн бошонуп чыккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG