Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:06

КҮЙҮҮЧҮ МАЙ АРЗАНДАБАЙТ, ЖОЛКИРЕ КЫМБАТТАШЫ МҮМКҮН


11-апрель күнү Бишкек шаарындагы маршруттук унаалардын айдоочулары иш ташташты. Буга күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүп кетиши себеп болгон. Айдоочулар күйүүчү майдын баасын арзандатууну же жолкирени кымбаттаттууну талап кылышты. Ушул эле күнү маалымат жыйынын өткөргөн Кыргызстандагы Нефтрейдерлер ассоциациясынын вице-президенти күйүүчү майдын баасын арзандатууга мүмкүнчүлүк жок экендигин билдирди. Түштөн кийин Бишкек шаардык кеңеши айдоочулардын талабын сессияда карап, бир нече күнгө чейин бааны көтөрбөө жана бул убакта абалды изилдөө тууралуу чечим кабыл алышты.

11-апрелде Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган 4 000 ден ашуун маршруттук унаанын дээрлик 80% ишин токтотту. Иш таштаган айдоочулардын айтымында буга күйүүчү майдын кескин кымбаттап, литри 20 сомго чыгып кеткендиги жана алты жылдан бери шаардык кеңеш тарабынан жолкирени көтөрүү маселеси каралбагандыгы себеп болгон. Сергей Терентьев деген айдоочунун айтуусунда, жолкире 5 сом болуп мындан алты жыл мурун бекитилген. Андан бери салык, электр энергиясы жана башка бардык кызмат көрсөтүүнүн акысы бир нече жолудан көтөрүлдү.

-Салык жана башка кызмат акылары, азык-түлүк күн санап өсүп жатат. Бирок жолкире баягы бойдон калууда. Биз азыр өзүбүздөн талап кылынган салык, ар кандай коммунладык кызмат акыларын төлөмөк тургай, үй-бүлөбүздү багууда кыйналып жатабыз. Азыр күйүүчү майды арзандатып беребиз деп атышат, бул убактылуу гана болушу мүмкүн. Андан кийин баары бир кымбаттайт.


Түштөн кийин иш таштаган айдоочуларга жолугушууга келген Бишкек шаарынын вице-мэри Арстанбек Ногоев бул маселе шаардык кеңештин сессиясында карала тургандагын айтып, айдоочуларды кайра багытка чыгууга көндүрүүгө аракет кылды:

-Бул маселе өкмөттө, мэрияда жана шаардык кеңеште каралып жатат. Колубуздан келишинче күйүүчү майды көп апкелүүгө аракет кылабыз. Андан кийин баа өзү эле арзандайт. Азыр Өзбекстан, Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эки-үч күндүн ичинде бул маселени чечебиз. Ошого чейин дагы бир аз чыдап, иштеп турсаңыздар.

Бирок айдоочулар ага макул болушкан жок. Алар шаардык кеңештин сессиясына катышуу үчүн өкүл жиберүүнү чечишти. Шаардык кеңеш тарабынан айдоочулардын талабы каралып, бул маселени кыска убакытта изилдөө боюнча жумушчу комиссия түзүлдү. Шаар кеңеши маселе каралуучу эки күндүн ичинде жүргүнчүлөрдү мурунку жолкире менен ташып турууну айдоочулардан өтүндү. Ошондой эле шаардык кеңеш жана мэрия бул убакыттын ичинде күйүүчү майдын баасын 17 сомдон көтөрбөө тууралуу нефти компаниялары менен сүйлөшүүгө жана жолкирени 7 сомго чейин көтөрүү маселесин кароого убада беришти. Андан кийин айдоочулар жүргүнчүлөрдү ташууну 12-апрелден тарта улантышаарын билдиришип, тарап кетишти.

Айдоочуларды иш таштоого апкелген күйүүчү майдын кымбаттоосуна Казакстандан Кыргызстанга казак тараптын атайын расмий буйругунун негизинде күйүүчү майдын өткөрүлүүсүнө тыюу салынгандыгы себеп болуп жатат. Бул тууралуу ушул эле күнү маалымат жыйынын өткөргөн Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын вице-президенти Улан Базаркулов билдирди. Анын айтымында, Казакстан жылына эки жолу жазында жана күзүндө үч-төрт ай убакытка күйүүчү майды экспорттоoго чектөө киргизүү тууралуу расмий токтом кабыл алган:

-Казакстан бул жылы күйүүчү майды экспорттоону чектөөнү эрте киргизди. Бул жолу февраль айынын ортосунан июнь айынын жарымына чейин Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү май өткөрүлбөйт. Үстүбүздөгү жылдын 16-февралынан бери Кыргызстанга Казакстандан бир литр да күйүүчү май расмий апкелинген жок. Биз жок дегенде айына 5 000 тоннадан алып келип турууну камсыз кылып берүүсүн өтүнүп, кыргыз өкмөтүнө кайрылган элек. Мурунку өкмөт башчы баш болгон комиссия Казакстан тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан. Бирок март айындагы окуялар менен ал аягына чыкпай калды. Биз ошол эле өтүнүч менен азыркы өкмөткө да кайрылдык. Алар тез арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн айтып, убада беришти. Бүгүнкү күндө күйүүчү май Кыргызстанга Орусиядан гана апкелинип жатат, анын баасы кымбат. Учурда апкелинген майдын бир литри бардык чыгашасы менен бизге 21-22 сомго түшүүдө. Ошентсе да көпчүлүк компаниялар Кыргызстандагы оор кырдаалды эске алып өздөрүнүн чыгашасына карабай, арзан сатууга мажбур болуп жатышат.

Байкоочулардын айтымында, күйүүчү майдын арзандашы кыйын. Анткени Кыргызстандын өзүнүн нефти өндүрүүчү “Кыргызпетролиум” ишканасы айына 3,5 миң тонна гана күйүүчү май өндүрөт. Бул өлкөнүн түштүгүн араң камсыздайт. Ал эми Өзбекстан Кыргызстанга күйүүүчү майды сатууга 2001-жылы эле тыюу салып койгон. Аткезчилик жол менен кирип жаткан май базар баасынын өзгөрүүсүнө таасирин тийгизе албайт дешет алар. Ал эми Орусиянын президенти гуманитардык жардам катары Кыргызстанга арзан баада берүүнү убада кылган күйүүчү май айыл чарба иштерин жүргүзүүдөн ашпай калуусу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG