Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

ЭМИ «КАПЧЫК» БЮДЖЕТ БОЛОТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Вице-премьер Данияр Үсөнов ишемби күнү адегенде Бишкек мэриясында, кийин өкмөт үйүндө ишкерлер менен жолугушуп, жаӈы өкмөт алгачкы 100 күнгө эсептелген «100 кадам» аттуу программа даярдап жаткандыгын, ал ушу жумада жарыя кылынарын билдирди. Өкмөт башчынын орунбасарынын айтымында, программанын негизин коррупцияга каршы күрөш түзөт.

Данияр Үсөнов жаӈы өкмөт ишкерлер менен жаӈыча мамиле түзгүсү келерин, мамлекет ишкерлик жүргүзүүнүн ачык жана так эрежесин иштеп чыгып, анын аткарылышын камсыз кыларын, ал эми ишкерлер болсо аны кынтыксыз аткарып мыйзам боюнча салык төлөөгө тийиш экенин билдирди. Ал жаӈы өкмөт биринчи кезекте ишкерлерди жүдөтүп бүткөн коррупцияны жоюуга бардык күчүн жумшарын айтты:

-Чынында өлкөдө экинчи бюджетти түзгөн акчалардын агымы бар. Биз аны чечкиндүү түрдө токтотууну көздөйбүз. Биз ишкерлер менен макулдашып алгыбыз келет. Макулдашканда да, иштеп жаткан мыйзамдардын негизинде гана макулдашкыбыз келет,- деди Данияр Үсөнов.

Ал мурдагы бийликтин убагында Акаевдердин үй-бүлөсүнө акча жыйноонун «капчык» деп аталган система болгонун, жаӈы бийлик ириде ошону жоюудан баштагысы келерин айтты. Данияр Үсөнов:
Ачык айтып коеюн, «капчык» болсо кетип калды, эми ким «капчык» болот» деген суроолор болгон. Кимге төлөйбүз, ким «капчык» болот деп сурашат. Эми «капчык» бюджет болот ,-деди Данияр Үсөнов.

Ал бийлик жаӈыргандан кийин мамлекет да жаӈырышы керек экендигин белгилеп,, ишкерлер өз ишин жаӈы барактан баштоого чакырды. “Эгерде силер мыйзам боюнча иштеп, мыйзам боюнча салык төлөсөӈөр, биз өткөн күнөөлөрдүн баарын кечиребиз, эгерде андай болбосо, мурдагылардын баарын казып чыгабыз”, деди Данияр Үсөнов.

Каржы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, «капчык» системасы акча бөлүштүрүүгө катышкандардын баарына ыӈгайлуу система болгон. Ал биринчи кезекте ишкерлердин өздөрү үчүн да пайдалуу система. Берчүсүн бергенден кийин, аларга эч ким тийише алган эмес:

-Эмне үчүн бул система идеалдуу иштеген? Анткени, туристтик фирмалардын баары жакшы пайда табышкан. Укук коргоо органдарына да акча түшүп турган. «Үй бүлө» да акча бөлүштүрүүгө катышкан,–деди Акылбек Жапаров.

Жыйынга катышкан ишкерлердин тобу жаӈы өкмөттүн бул кадамдарын кубатташты:

-Биз революция болуп өткөнүн түшүндүк. Мен бизнесте революция болгонун айтып жатам –деди «Нью компани» туристтик фирмасынын директору Мусаев.

Бирок, айрым ишкерлер эски бийлик качып кеткенден кийин деле, башка бирөөлөр чыгып алып, акчаны мага төлөйсүӈөр деп жатышкандарын айтышты:

-Мага келишип «бийлик алмашып кетти, эми мага төлөйсүӈ” дешти. Көп кишилер келип жатышат. Биз кимге кайрыларыбызды билбейбиз,- деди жыйынга катышып отурган оогандык ишкер.

Данияр Үсөновдун айтымында, өкмөт азыр даярдап жаткан «100 кадам» аттуу программанын негизин коррупцияга каршы күрөш түзөт. Ал пара алып, актанууга негиз болбос үчүн айрым кызматкерлердин эмгек акысы да көтөрүлгөнү жатканын айтты:

- Биз жогрку деӈгээлдеги коррупцияны кантип чечерибизди билебиз. Ал үчүн нормалдуу кадрдык саясат жана чындык зарыл. Ал эми күндөлүк турмушта кездешкен коррупцияны болсо милиционерлердин, врачтардын, мугалимдердин, бажы жана салык кызматкерлеринин айлыгын жакын арада көтөрүү жолу менен чечебиз деп ойлойбуз. Алардын айлыгы жакын арада көтөрүлөт, –деди Данияр Үсөнов.

XS
SM
MD
LG