Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

ЫҢКЫЛАПТЫН САБАКТАРЫ, КАЧЫП КЕТКЕН ПРЕЗИДЕНТКЕ КӨРҮЛЧҮ КАМКОРДУК , ЖЕР ТАЛАШ


12-апрелдеги “ Агым” гезити “Чубактын кунундай чубалган” Аскар Акаевдин отставкасы, убактылуу өкмөттүн иш-аракеттери, Бишкектин айланасындагы жер талаш тууралуу жазды. Ал эми 12-апрелдеги “Аалам” гезити учурдагы кырдаал, экономикалык абал, алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу макалаларга орун берди.

12-апрелдеги “ Агым” гезитинде баяндамачы Сейит Сасыбаевдин “Конституция! Ким тараптасың?” деген макаласында 9-апрелде Бишкектин “Хаятт” мейманканасында өткөн “Конституциялык өнүгүүнүн кадамдары” деген “тегерек үстөл” талкуусу тууралуу кеп кылат. “50-60 киши 8 саат чер жазыша сүйлөштү. Коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов “24- марттагы окуяга расмий бийлик саясый баа бериши керектигин айтты” . Кеңешмеге катышкандар акыры келип бир ойго токтушту. Туура, Конституцияга реформа керек дешти. Бирок качан, кайсы мөөнөттө? Ушул суроо кеңешчилерди негизинен эки лагерге болүп койду” дейт автор. “Бир даары “Жаңы турмуш башталгандан кийин Конституциябызды да бүгүнтөн баштап жаңылайлы, элдин пикирин угуп, чогултуп, чыныгы демократиялык Башмыйзам жараталы. Андан кийин ошол жаңы Конституциянын негизинде президенттик шайлоо өткөрөлү. Андан кийин парламенттик жаңы шайлоо өткөрөлү. Антпесек, революциябыз арабөк калып, максатына жетпей калат” дешти. Расмий бийлик өкүлдөрү: “Конституцияны оңдош оңой- олтоң иш эмес, шашкан шайтандын иши, шашпайлы, баарын бышыктап, тактап, күздө киришели. Азыр болсо президенттик шайлоону өткөрүп алалы. Азырынча ушул эле Конституция менен жашап туралы” деген ойдун тегерегинде сөз козгошту. Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова даярдаган кайрылууда:”Жаңы Конституция жазалы, жаңыча жашайлы деген кеп жок. Болгону учурдагы Конституцияны өркүндөтөлү деп жазылып турат. Аскар Акаев деле үч референдум менен байкуш Конституцияны “өркүндөтүп” олтуруп, акыры көкөйгө көк талкандай тийген эски чокойдун абалына алып келип койду эле. Эми деле “ошол чокойду кайра ултара салалы, кыргызга жарай берет” деп олтурушат. Шорубуз дагы эле көп экен го...” деп жазат “Агым” гезитине Сейит Сасыбаев.

Ошондой эле “Агым” гезитинде кабарчы Аслан Сартбаев өлкөнүн темир жол башкармалыгынын күнгөй-тескейи туурасында сөз кылат. “Акаев режими кулады!” деп күпүлдөгөн радикал оппозиция көп нерсени элес албай жатат. Башаламандык, жең ичинен тон бычмай баягы эле көрүнүштөр өтө көп, өзгөчө кадр саясаты боюнча” дейт автор.

Гезитте дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу катчысы Гүласина Каленова айтып берди.

- Жаңы парламенттеги сессияда каралган Аскар Акаевдин отставкасы жана башка маселелер. Учурдагы кырдаал, алдыдагы президенттик шайлоого катышууга бел байлаган Алмаз Атамбаевдин калайыкка кайрылуусу, КТРдын биринчи вице-президенти Бейшенбек Бекешов менен маек, кыргыз ыңкылабына карата оң-терс баалар, жер басып алуулар тууралуу түрдүү пикирлер, окурмандардын каттарынан түзүлгөн “Бомбей кат” бети чыкты.

12-апрелдеги “Аалам” гезитинде Аскар Акаевге экс-президент деген укукту калтыруу боюнча өлкөнүн атуулдарынын пикирлери жарыяланды. “Эл алдында жүзү жарык, жооп бергидей болуш керек эле. Бирок, баары бир мурунку деген наам калат. Буга чейин 14 жыл президент болду да” дейт Кыргызстан коммунисттер партиясынын төрайымы Клара Ажыбекова. “Отставкасын кабыл алып туруп, экс-президент дегенди калтыруу керек. Ошол Акаев жөнүндөгү саясый барактарды жаап, тарыхтын жаңы барактарын ачыш керек” деген пикирин билдирет экс-министр Муратбек Иманалиев. “Бул укукту президентке берүүгө адептик да, ыймандык да себеп жок. Бул президентти качкын, чыккынчы, калпычы, башкы паракор катары караш керек. Акаев 15 жыл калпты мамлекеттик саясатка айландырып, үй-бүлөсүнүн бийлигин орнотуу, байлыгын көбөйтүү, аны чет өлкөлөргө ташуу менен алек болгон. Ысыккөлдүн жээгинде эле канча пансионаты бар. Элине, жерине күйгөн жок. Экс-президен деген наамды калтырууга болбойт” дейт мударис Кусейин Исаев “Аалам” гезитине берген маегинде.


11-апрелдеги “Вечерний Бишкек” гезити борбор шаардын айланасындагы жер участокторун ээлеп алышкандардын мүдөөсүн жаңы бийлик чечип бере албай жатканы тууралуу маалымдайт. Ошондой эле гезит жаңы санында 10-апрелдин түнүндө Кыргызстандык каскадерлор мектебин негиздеген, дүйнөгө таанымал каскадер Үсөн Кудайбергеновду Ортосайдагы үйүнөн атып кетишкени тууралуу кабарлады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG