Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

ПАРЛАМЕНТ ЖАҢЫ ӨКМӨТ СУНУШУН ЧЕТКЕ КАКТЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Жогорку Кеңеш депутаттары 12-апрелдеги отурумда өлкөдөгү кырдаал боюнча токтом кабыл алышты. Бул күнү жаңы өкмөт тарабынан парламентке сунушталган райондук жана областтык кеңеш депутаттарынын ыйгарым укуктарын 2005-жылдын 31-декабрга чейин узартуу тууралуу мыйзам долбоору колдоо тапкан жок.

Парламенттин бул күнкү жыйынында райондук жана областтык кеңеш депутаттарынын ыйгарым укуктарын узартуу тууралуу мыйзам долбоорун кароо пландаштырылган. Бул мыйзам долбоору жер-жерлерде орун алган башаламандыктарды турукташтыруу максатында жаңы өкмөт тарабынан сунушталган. Жыйын адеп башталганда депутаттар аталган мыйзам эмес, өлкөдөгү кырдаал тууралуу өз ойлорун айтышып, токтом кабыл алышты. Чүй өрөөнүнөн шайланган айрым депутаттар “Бишкектин айланасынан өз алдынча жер ээлеп алуучулар, мурда үлүшкө бөлүнгөн жерлерди ээлешип, башка улуттун өкүлдөрүнө ыдык көрсөтүп жатышат” деген ойлорун айтышты:

-Жер ээлеп алып жаткандар “Түрктөр кеткиле, силердин жериңерди тартып алабыз” деп жатышат. Ушундай эле көрүнүш Маевка айлында болду. Мындай иш- чаралар туура эмес. Кыргызстанда башка улуттарга орун жокпу? Эмне, биз Кыргызстандан чыгып кетелиби,- деген депутат Хаджимурат Коркмазов эгер абалды жөнгө салуу боюнча тез аранын ичинде чечим кабыл алынбаса, менчиктеп алган жерин коргоп калуу максатында өз шайлоочулары менен көчөгө чыга тургандыгын эскертти:
-Мен баарыңарга кайрылам. Эгерде, бүгүн кандайдыр бир чечим кабыл алынбаса, эртең өз шайлоочуларым менен көчөгө чыгам.-
деди Хажимурат Коркмазов. Ал эми депутат Каныбек Иманалиев болсо, соңку мезгилде Бишкекте атуулдардын жерди ээлеп алуусун жаңы өкмөттүн туура эмес аракеттери менен байланыштырып, Коркмазовдун жогорудагыдай оюн колдоду:

Эки аптадан бери эле «он миң адам келди, он миң адам революция кылды» деп айтып жатабыз. Революция кылбаган, төрт миллион тогуз жүз токсон беш миң адамдын тагдырын ким коргоп жатат. Жаңы өкмөттүн кайсыл мүчөсү эл менен жолукту? Ошолордун баары намысына тийгенден кийин гана карапайым эл көчөгө чыгууда. Мен депутат Коркмазовдун айтканын жүз пайыз колдойм.

Каныбек Иманалиев Бишкектен жер бербөө тууралуу үч жылга мораторий жарыялоо сунушун көтөрдү. Убагында Аскар Акаевдин бийлигин колдогон депутаттардын жогорудагыдай пикирине айрым депутаттар каршы болушту:

- Жер маселеси он беш күндүн ичинде эле чыга калган жок. Хаджимурат Коркмазов сиз, он беш жыл бою айыл чарба реформасын ырааттуу өткөрүүнү колдоп келгенсиз. Силер Аскар Акаев эмне деп айтса, эң туура деп ал жактан берилген тапшырманы аткарып жүргөнсүңөр. Мына депутат Каныбек Иманалиев болсо, Акаевдин идеологиясынан башка идеология жок деп жүргөн. Анан он беш күндүн ичинде эле көзүңөр заматта ачылып кеткенине таң калып турам. Бул жерде кайсыл бир жактан келгендер, Чүйдүн жерин басып алып жатышат деген саясий түс берилүүдө. Урматтуу Хажимурат Зулкарнаевич! Ойлонбой кандайдыр бир сөздү айтуудан абдан этиет болуңуз,- деп айтты депутат Адахан Мадумаров.

Анын пикирин Арапбай Төлөнов колдоп, оюн кошумчалады:

- Революцияны карапайым эл кылды. Каныбек Иманалиев төңкөрүшкө Кыргызстандын элинин көбү чыккан жок деп айтууда. Урматтуу депутаттар! Төңкөрүшкө карапайым эл, патриоттор чыгат. Ал эми мындай чоң саясий окуяга кошоматчылар, коркоктор, күнкарамалар чыга албайт. Муну да эске алыш керек,-
депбилдирди депутат Арапбай Төлөнов.

Андан соң депутаттар талкууланып жаткан маселе боюча түрдүүчө сунуш-пикирлерин айтышты. Талкуу соңунда төрага Өмүрбек Текебаевдин сунушу менен «өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн ар түрдүү региондон шайланган депутаттар Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясы аркылуу коомчулукка түшүндүрмө беришсин» деген токтом кабыл алышты.

Депутаттар алдында палатанын күн тартибиндеги маселе тууралуу жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу министринин милдетин аткаруучу Төлөбек Өмүралиев маалымат берди. Ал учурда Кыргызстандын жер-жерлеринде бир эле жерде бир нече аким, губернаторлорду шайлап алуу аракетине чек кою үчүн райондук жана областтык кеңеш депутаттарынын ыйгарым укугун 2005-жылдын 31-декабрына чейин узартуу тууралуу сунушун билдирди. Добуш берүүгө келгенде бул мыйзам долбоору колдоо тапкан жок.
XS
SM
MD
LG