Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:58

ӨКМӨТ КАЗАКСТАН ДИЗЕЛЬ МАЙЫН БЕРЕТ ДЕП ИШЕНДИРҮҮДӨ


Сапар Орозбаков, Бишкек Дүйшөмбүдө Бишкекте дизель майынын баасы 20 сомго чейин көтөрүлүп, айдоочулар жол кирени көтөрүүнү талап кылып иш таштоо уюштурушканын айткан элек. Мунайзаттарды сатуучулар ассоциациясы баанын өсүшүн Казакстандан дизель майынын келбей калышы менен түшүндүрүп жатат. Өкмөттөгү жооптуу адамдар болсо ал маселени жакын арада чечилет деп ишендиришүүдө.

Бишкекте дизель майынын баасы дүйшөмбү күнү 17 сомдон 19-20 сомго чыгып кеткен болчу. Мунайзаттарды сатуучулар ассоциациясы аны негизинен Казакстандан жылдагыдай дизель майынын келбей калышы менен түшүндүрүшөт:

-Бүгүнкү күнү дизель майын ташып келүү боюнча абал абдан оор болуп жатат. Казакстан быйыл эрте эле экспортко чектөө киргизди. 16-февралдан тартып Кыргыз республикасына Казакстандан бир да литр дизель майы алып келинген жок,-деди аталган ассоциациянын вице президенти Улан Базаркулов.

Анын айтымында, ассоциацияга кирген компаниялар кыш мезгилинде эле кам көрүп, колдо болгон мунай куюучу идиштердин баарына мунайзаттарды ташып келип, куюп алышкан. Бирок ал азыр түгөнүп барат.

Дизель майы жалаң гана микроавтобустар үчүн гана эмес, жазгы талаа иштери үчүн да пайдаланылат. Талаа иштери башталганда Казакстан жылына дизель отунун сыртка алып чыгып сатууга чектөө киргизет. Бирок мурда кыргыз өкмөтү казак өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзүп, 15-20 000 тонна дизель майын бөлдүрүп алчу. Быйыл да биздин өкмөт казак өкмөтүнө тиешелүү кат менен кайрылган. Бирок бул маселе азыркыга чейин чечиле элек:

- Биз январь айында Казакстандан 20 000 тонна дизель майын квота алууга көмөктөшүүсүн сурап Кыргыз өкмөтүнө кайрылганбыз. Иш жүзүндө макулдашууга жетишилген болчу. Бирок белгилүү окуяларга байланыштуу бул маселенин чечилиши созулуп кетти ,–деди Улан Базаркулов.

Анын айтымында, Орусия мунайзаттардын экспортуна чектөө киргизген эмес. Бирок Орусияда мунайзат рыногу мамлекет тарабынан жөнгө салынбай, ал эркин сатылгандыктан, анын баасы салыштырмалуу кымбат. Аталган ассоциация эгерде Казакстандан мунайзат бербесе, апрель айынын экинчи декадасына АИ-93 маркасындагы бензиндин баасы 19 сомго, дизель майынын баасы 20-21 сомго жетет деп болжолдойт.

Премьер-министрдин аппаратына кайрылсак, ал жерде иштегендер өкмөт бул маселенин үстүндө тынбай иштеп жаткандыгын айтып, ал саналуу күндөрдүн ичинде чечилет деп ишендирди:

- Маселе бир–эки күндүн ичинде чечилет. Казакстандын энергетика министрлигинде менин бөлүмүмө окшош департамент бар. Анын башчысы Исаев Мусабек менен азыр эле сүйлөштүм. Алар азыр өздөрунүн мунай заводдоруна Кыргызстанга квота бергиле деген телерамма даярдап жатышат.Ошолорду алгандан кийин проблема азаят,- деди премьер-министрдин аппаратынын отун-энергетика бөлүмүнүн башчысы Азимбек Жолошев.

Ал мунайзаттарды сатуучулар ассоциациясы менен да сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн кабарлады:

- Кечээ эртең менен бир аз баасы көтөрүлүп кеткен экен. Биз мунайзаттарын сатуучулар менен жолугушуп, солярка келет деп айттык. Азыр шаар боюнча мурдагыдай эле 17 сомдон сакталып турат,- деди Азимбек Жолошев.

Чынында эле шейшемби күнү май куюучу жайлар дизель майын мурдагыдай эле 17 сомдон сатып жатышты. Жүргүнчүлөрдү ташуучу микроавтобустар өз иштерин кадимкидей эле улантышты. Жол кире да мурдагыдай эле 5 сом бойдон калды.

Бирок мунайзаттарды сатуучулар да, өкмөт аппаратынын кызматкерлери да дизель майынын баасынын көтөрүлүшүнүн экинчи себеби да бар деп, анын дүйнөлүк баасынын өсүп кетишин айтышууда. Бул болсо баа ушул бойдон кармалат деп эч ким кепилдик бере албасын билдирет.
XS
SM
MD
LG