Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

АКЫЙКАТЧЫ МЫЙЗАМ САКТООГО ЧАКЫРДЫ


Кыргызстан акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу өлкө кыдырып, талаштуу делген маселелерди жеринде чечүүгө кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди. Акыйкатчы өлкөдөгү кырдаал боюнча өз пикирин билдирди.

Маалымат жыйында Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу өлкөдөгү акыркы кырдаал тууралуу пикирин айтып жатып, 11-апрелде Ак үйдүн алдындагы № 55-шайлоо чөлкөмү боюнча депутаттардын жактоочулары келип нааразылык акциясын өткөргөнү туурасында мындай деп айтты:


Мен кечээ чогулган элди көрдүм. Алар Ак үйдүн ичине киришти, короосунда болушту. Эми жосун болгондон кийин, мындай нерсе тез убакыттын ичинде бүтпөйт деп ойлойм. Менин коркконум, ушул депутаттык шайлоодо болгон жосундар президенттик шайлоого өтүп кетпегей эле. Мүмкүн болушунча бүгүнкү күндө жетекчилер маселени мыйзам чегинде чечиш керек. Мен акыйкатчы катарында , мүмкүн болсо Таласка дагы барып келүүгө ниетим бар.


Ал эми Бишкекте жерди ээлеп алуу фактылары боюнча Турсунбай Бакир уулу жерди мыйзам чегинде гана алыш керек деп белгилеп кетти:


Жерди басып алуу боюнча менин пикирим төмөнкүдөй; былтыр мага дагы миңдей адамдар жер үлүштү, жер участокту алууну каалагандар кайрылышкан. Бул маселе менин жылдык баяндамама кирген. Парламентке дагы, Бакиевге дагы жибергем. Мыйзам негизинде үйү жокторго квартира же жер участогу берилиши керек. Ал эми бүгүнкү күндө өздөрү жер ээлеп алып өзүнө-өзү архитектор болсо, өзүнө-өзү дизайнер болсо, куруучу болсо, анда Бишкек кооз шаар болот деген пикирден алысмын. Бүгүнкү күндө мен ойлойм, эч ким жеке менчикти бузуш керек эмес, муну бийлик айткандай расмий түрдө ар бир адамдын арыз ээсинин документтерин карап туруп жер участогу берилиши керек. .


Кыргыз парламенти бийликтен четтетилген президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүү боюнча жазган арызынынын негизинде анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө токтом кабыл алган. Бул чечим боюнча депутаттар арасында пикир келишпестиктер да болгон. Турсунбай Бакир уулунун ырасташынча, бийликтен четтетилген президент Аскар Акаев өлкөнү башкарып турган кезде жасаган мыйзам жана адам укуктарын бузуу фактылары боюнча жоопкерчиликке тартылышы керек:


Мурдагы кылмыштары үчүн президент өзү дагы, айланасындагы адамдар да баары жооп бериш керек. Эч кандай бул жерде иммунитет болуш керек эмес. Президент дагы, Аманбек Карыпкулов дагы, Туркияда элчи болуп жүргөндө иммунитет болуш керек эмес. Мындай кылмыштарды унутпаш керек. Эл ушул жоопту күтүп жатат. Президенттин жоопкерчилиги боюнча туура кылышты. Эгерде бүгүнкү кунү Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Бекназаров мырза кылмыш ишин козгойм десе, мен дагы муну туура көрөм. Себеби, мыйзам бузууларга, адам укуктарын бузууларга бирөө жооп бериш керек.


Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиевдин пикири:


- Эки-үч күн талашып-тартышкандан кийин, депутаттардын көпчүлүгүнүн ой-пикири менен биринчи президент деген бөлүм такыр алынып ташталды. Анан үч бөлүмү калды, үч бөлүмдүн үчүнчү бөлүмүнө депутаттар Бекназаров, Марат Султановдор өзгөртүү киргизишти. Бул маселени ошол депутаттардын көпчүлүгү колдоду. Эми дүйнөдө экс-президенттин статусу жөнүндө ар бир өлкөдө мыйзамдар бар. Алардын негизги принциптери окшош. Жеңилдиктер мамлекеттин эсебинен, финансылык жактары бар. Жаңы мыйзам кабыл алынды. Конституциянын 53-беренесинде жазылып тургандай экс-президенттин өзүнүн статусу бар, ал статусту эч ким ала албайт. Отставкасы кабыл алынды. Отставкага добуш берилди. Көпчүлүктүн добушун сыйлаш керек.


Турсунбай Бакир уулу президенттик шайлоо туралуу сөз кылып, БШКнын гана эмес, соттордун курамын алмаштыруу зарылчылыгын белгилеп кетти.


Бул тууралуу “Жарандык коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова мындай деди:

- Урматтуу Курманбек Осмонов өз милдеттерин аткарып бериш керек. Анткени, эл коррупцияга каршы күрөшүп жатабыз деген сөздөрдү, убадаларды угуп жатып тажады. Ал эми соттордун курамы ошол эле бойдон кала берсе, президенттик шайлоо калыс өтөт деп айтуудан алысмын.

XS
SM
MD
LG