Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

ПРЕЗИДЕНТ ПУТИНДИН ЭКИ ӨКҮНҮЧҮ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын президенти дүйшөмбүдө Ганноверде журналисттер алдында мурдагы советтик жумурияттар карызын төлөөнү Орусиянын моюнуна алышы жаңылыш чечим болгон деди. Азыркы тушта Шериктештикке мүчө өлкөлөрдүн Казакстандан башка бири да өз насыясын төлөөгө алы келбейт деп айтты. Бирок Москва ал карызды акырына дейре төгөт деди. 25 мартта Ереванда орусиялык жетекчи КМШ биримдигинин келечеги жок деп айткан эле.

Орусиялык жетекчи кийинки эки ай ичинде Шериктештикке кирген өлкөлөр биримдиги боюнча эки жолу өкүнүч ой айтты. Биринчи өкүнүчтү Кыргызстанда ыңкылап чыккан 24-марттын эртеси Ереванда сапарда жүрүп айтты. Ал жолу «Мурдагы советтик жумурияттардан куралган КМШ тобу – цивилизациялуу түрдө ажыраашуу үчүн түзүлгөн», - деген. Арадан жарым ай өтпөй Ганновер калаада Владимир Путин:
«Мурда СССРге кирген жумурияттар карызын төлөө боюнча алган Орусиянын милдеттенмесине келсек – мен аны жаңылыштык деп эсептейм. Тилекке каршы, аны азыр бузууга болбойт. Биз эларалык милдеттенмебизди дайыма аткарабыз. Бирок бир дагы мырдагы СССР жумурияттарынан пайда болгон өлкө, Казакстанды эсептебегенде, карызын төгүп кетүүгө дарманы келбейт», деди президент Путин.
Советтер өлкөсү кыйрап атканда, ал мамлекеттин Париж клубуна төкчү тышкы карызын жаңы тирдик мамлекеттерге, алардын бири Кыргызстан, чачып жиберип, алардын ар биринен кайра өндүрүү кеби болгон экен. Бирок орусиялык жетекчи демилгеси менен КМШ тобуна кирген өлкөлөр карызын Маскөө өзү төгүү милдети алыныптыр. Путин ошону жаңылыштык деп өкүнүч айткан. Аны талдоого алган «Ведомство»:
«Ал (Путин – ММ) Украина менен Кыргызстандан, Молдавия менен Түркмөнстандан, Грузия менен Казакстандан көөнү калып бүттү. Эмне дегенде Грузия, Украина жана Молдавия Европаны карай жутунушууда. Алардын каалагaны биз эмес ачыктан-ачык Америка болуп атат. Түркмөнстан да бизге ороңдочу болду. Жакында Путин дайындаган элчилерди кабылдабай, ара жолдон аларды артына кайра жиберип жиберди. Эчтемеден эчдеме жок туруп Кыргызстан бизге анча түшүнүксүз ыңкылап жаcап ийди. Капилеттен эле Саакашвили менен колтукташа кеткен Казакстан Орусияга карасанатайлык кылгансып Актау-Бакы-Поти-Жайкан транспорттук түйүндү өнүктүргөнгө киришти», деп жазат.
Анан кантип өкүнбөйт деп жазат басылма. Мындай ойду биз менен пикирлешкен саясий анализчи Андрей Пионтковский да айтат. Биз берген суроо Шериктештиктеги ички ымала туурасында болбосо да ал:
«Аны мен, президент Путин мырза кандай көрсө ошондой көрөмүн. Арменияда жүрүп жасаган анын жүйөлүү пикирине мен кошуламын. Ал КМШ түзүлүшү – бул мурдагы Советтер союзу жумурияттарынын цивилизациялуу жол менен таркашы үчүн атайы уюшулган деди. А калгандын баары кебек деди. Мен бул ойго макулмун. Өкүнүчтүү жагы, маскөөлүк жетекчилик мындай нагыз жыйынтыкка абдан кечигип келиши. А буга дейре он жыл бою либералдык империя куруу аракети менен болду. Мурдагы советтик жер чегинде эркеч болууну сунуштады. Эми Путиндин буга окшогон жарыясынан кийин жаңы империялык мүдөө четке кагылат дейбиз. Ушундан тарта Маскөө ар бир күңкорсуз өлкө менен теңдикте чыныгы көз карандысыз мамлекеттер ортосунда алака түзүүгө өтөт деп үмүттөнөбүз», деди Пионтковский мырза
Анализчилер баамында, Путиндин таарынычы, баарыдан мурда КМШ жаатынын келечеги жок экениндигине көзү жеткенден улам пайда болду дешет. Ал эми 1991- жылы Орусия жетекчилиги СССР урандысынан жаралган өлкөлөр карызын моюнуна алышы анын советтик империя ордун басуу дымагынан улам болгон эле дешет. Ошол мүдөөнүн ишке ашпай калышын орусиялык жетекчи моюнуна алышыбы деп да айткандар бар.
XS
SM
MD
LG