Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:11

13-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кабарлар топтомун Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдап, окушт

БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча, 13-апрелде Жалалабат, Ош, Баткен облустарынын тоолуу жерлеринде гана жамгыр жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.


Абанын температурасы:
Сарыөзөн ЧҮЙдө түнкүсүн +3...+8, күндүз +16...+21 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн +1...+6, күндүз +14...+19 градус.
Республиканын ЖАЛАЛАБАТ, ОШ, БАТКЕН облустарында түнкүсүн +3...+8, күндүз +15...+20 градус.
ЫСЫККӨЛдө түнкүсүн 0...+5 градус жылуу, айрым жерлерде 0...-2 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз +10...+15 градус жылуу.
НАРЫН аймагында түнкүсүн -2...+3, күндүз +13...+18 градус.
БИШКЕКте күн ачык болуп, түштүк-батыш тараптан мелүүн жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн +5...+7, күндүз +18...+20 градус.
Күндүн узактыгы 13 саат, 16 мүнөт.

XS
SM
MD
LG