Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Базаркоргон районунда Ош-Бишкек жолу тосулду


ЖАЛАЛАБАТ. Ош-Бишкек унаа жолун Караүңкүр дарыясына салынган көпүрөдөн тосуп алган Базаркоргон районунун үч жүзгө жакын атуулу координациялык кеңеш шайлаган адамды район башчылыгына бекитүүнү жана президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыковдун кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Алардын жол тосуусуна облус жана республика жетекчилигине жогоркудай талап менен үч жолу кайрылуусуна жооп берилбегени себеп болгон. “Ата мекен” партиясынын өкүлү Кубатбек Артыковдун билдирүүсү боюнча аларга улам эл келип кошулууда. Тосулган көпүрөнүн эки жагында жүзгө жакын автоунаалар токтоду. Жол тоскондор өз талабын аткаруу үчүн убактылуу президент Курманбек Бакиев менен Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаевге кайрылуу кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG