Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:17

Жер басып алуучулар өкмөткө ишенбейт


БИШКЕК. «Бишкекте жер басып алган атуулдар азыркы өкмөтко ишенбей жатат, анткени, өкмөт алардын талабынын чечилээр чечилбесин ачык айткан жери жок»,-деп 12-апрелде «Атуулдук коом коррупцияга каршы» аттуу укук коргоо борборунун директору Төлөкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, жер басып алууга премьер –министр Курманбек Бакиевдин жер берүү укугу райондук бийликтердин карамагында деген билдирүүсү түрткү берди. Борбордун иликтөөсү боюнча, азыр жер басып алгандардын саны 50 миңден кем эмес жана алардын арасында Бишкекте турак-жайы бар, бирок, балдарына жер алып берүүгө кам ургандар, алыскы айыл-кыштактан келгендер арбын. Ал эми жер басып алуучулардын маалымат жыйынына катышкан өкүлдөрү жерди караөзгөйлү менен эмес, баш калкалаар жайга ээ болуу үчүн басып алып жатышкандыгын билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG