Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Президенттикке талапкерлердин саясий салмагына кызыгуу арбын


БИШКЕК. Бишкектеги «Социнформбюро» аттуу социологиялык кызмат Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаал боюнча атуулдар арасында сурамжылоо жүргүзүп, президенттик шайлоого катыша турган атуулдардын саясий салмагын аныктады. АКИ-пресс агенттиги 12-апрелде тараткан маалыматка караганда, сурамжылоого катышкан 630 атуулдун 52,2%и «Ар намыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловго,18,3%и премьер-министр Курманбек Бакиевге добуш берүүгө даяр. Атуулдардын пикири боюнча Алмаз Атамбаев 3,7%, Адахан Мадумаров 2,4, Өмүрбек Текебаев 0,8, Нурбек Турдукулов 0,5, Темирбек Акматалиев 0,3%тик добуш алышы мүмкүн. Сурамжылоо боюнча, Куловду да, Бакиевди да колдоочу атуулдардын жашы 26дан 40 жашка чейинки куракта.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG