Ирандын парламенти бүгүн күйөсү бар аялдардга кээ бир учурларда боюнан алдырууга уруксат берген жаңы мыйзамды бекитти, бирок ага аялдын күйөсү дагы макул болууга тийиш. Бул мыйзам иран коомунда карама-каршы пикирлерди жаратты жана ал күчүнө кириш үчүн эми аны диний баалулуктарды коргогон Көзөмөл кеңеши да жактырууга тийиш. Мыйзамсыз аборт жасагандар өлкөдө 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.