Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:25

Осло шаарында Судан боюнча эл аралык конференция өтүүдө


Норвегиянын борбору Осло шаарында бүгүн Суданга жардам көрсөтүү боюнча эки күндүк эл аралык конференция аяктады, ага катышкан донорлор өлкөгө бир миллиард доллар жардам көрсөтүүгө убада кылышты. Конференцияда кечээ күнү Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан чыгып сүйлөп, Суданда ич-ара согуш кайра жанданып кетпесин камсыз кылуу керек деп билдирди: "Акыркы 30 жылдын ичинде болгон ич-ара согуштар аяктап, тынчтык келишимдери түзүлгөнүнө карабай, алардын жарымында беш жылдын ичинде кайра согуш башталган. Ошондуктан Суданда да ошондой болуп кетпес үчүн, жаңжалга катышкан бардык тараптар чыныгы милдеттенме алып, аларды аткарууга тийиш", -деди Кофи Аннан. Судандагы ич-ара согуш 21 жылга уланды жана быйыл январда гана аяктады. Эксперттердин айтымында болсо, бардык качкындарды өлкөгө кайтаруу иштери үчүн эки жарым миллирад доллар каражат керек. Андан тышкары өлкөнүн Дарфур провинциясындагы абал дагы курч.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG