Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Иран жана Түркмөнстандын чек арасында "Достук" плотинасы ишке берилди


Кечээ анын ачылыш аземине президенттер Мохаммед Хатами менен Сапармурад Ниязов катышты. Салтанатта сүйлөгөн сөзүндө түркмөн президенти буларга токтолду:

-Түркмөнстан суу тартыштыгын билет, Эгер биз бул маселени эске алсак "Достук" плотинасы Мешхед шаарынын жана биздин муктаждыктарыбызды канааттандырат. Биз муну пайдаланып пахта жана эги эгилүүчү 25 миң гектар жерди сугарууну мурда эле пландаганбыз, мал үчүн жайыт даярдоону да көздөп жатабыз.

Түркмөндөр Тежен деп атаган дарыядагы плотина негизинен ирандык компаниялар тарабынан курулду. Плотинанын узундугу 600, бийиктиги 75 метр. Долбоорго сарпталган 60 миллон доллардай акчаны эки тарап жарнакташып чыгарган.

XS
SM
MD
LG