Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Египетте саясий реформаларды колдогон демонстрациялар бүткүл өлкө боюнча орун алды


Ал демонстрацияларга бүткүл өлкө боюнча түрдүү партиялар менен кыймылдардан миңдеген студенттер чыкты. Демонстранттар ошондой эле өлкө Конституциясына президенттин кызмат мөөнөтүн чектеген жана шайлоо мыйзамдарын демократиялаштырууну караган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылышты.

Египетте кезектеги президентик шайлоо быйыл сентябрь айына белгиленген. Мурдарак президент Хосни Мубарак шайлоо биринчи жолу атаандашттык негизде өтүп, бир нече талапкер катыша аларын билдирген эле. Буга чейин Египетте мамлекет башчысын шайлоо референдум түрүндө гана уюштурулуп келинген.

XS
SM
MD
LG