Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

КЫРГЫЗСТАНДА ТЕРРОРИЗМ КОРКУНУЧУ ЖОК


Кабыл Макеш Казакстанда эл аралык 7 уюм террордук деп табылып, ушундай жарлык менен ишин токтотууга аргасыз болгон. Ал эми Кыргызстанда ушундай кырдаал курчуп турган учурда террордук актыларга баруу коркунучу барбы? Мындай маанайдагы уюмдар жокпу?

Жакында Казакстандын Жогорку соту өлкөнүн башкы прокурору сунуштаган документтердин негизинде эл аралык 7 уюмдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу ишти карады. Казакстандагы ушул 7 уюмдун ишмердүүлүгүнөн террордук аракеттерге катыштыгы бар деген кине табылып, аларга өлкөнүн аймагында иш жүргүзүүгө тыюу салынды.

Ал уюмдардын катарына «Асбат аль-Ансар», «Мусулмандар боордоштугу», «Талибан», «Боз гурд», «Борбор Азиядагы можахеддер жааматы», «Лашкари-Тайба» жана «Социалдык реформалар коому» кирет. Казакстандын улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Владимир Божконун билдиргенине караганда ушул айыпталган 7 уюмдун иш- аракеттеринен террордук ишмердүүлүгү далилдүү фактылар менен аныкталып, бул өлкөдө иштөөгө тыюу салынды. Мындан сырткары сотко башка өлкөлөрдүн аймагында тыюуу салынган террордук уюмдардын катарында ушул 7 эл аралык бирикмелер бардыгын тастыктаган тизме, документтер берилген.

Ал эми Кыргызстанда ушул 7 уюмдун катарындагы бирикмелер барбы? Алардын ишмердүүлүгүнө өлкөнүн коопсуздук кызматы көз салып турабы? Мына ушул суроолорго өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын Экстремизмге жана терроризмге каршы башкармасынын башчысы Марат Абдраев мындай дейт:

Учурда кооптонуучу жагдай жок. Өлкөдө ишмердигин жүргүзүп жаткан ар кандай диний уюмдардын иш-аракеттерине көзөмөл кылып жатабыз. Азыркы кырдаалдан пайдаланып, террордук актыларды уюштурууну максат кылган күчтөр жок. Эл арасын дүрбөлөңгө салып, ынтымакты ыдыратууга аракет кылып, экстремисттик маанайды жараткан уюмдар жоктугун коопсуздук кызматы расмий билдирет.

Эл аралык экстремизмди жана терроризмди изилдөөнүн регионалдык борбордун директору Иманберди Жалиловдун билдиргенине караганда, Казакстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмдар эл аралык терроризмге таасири бар бирикмелер. Ислам жана башка динге жамынып, алардын дин эркиндигинен ашкере пайдаланып жатышканы келечекте кооптондурууну жаратаары жөнүндө Эл аралык экстремизмди жана терроризмди изилдөөнүн регионалдык борбордун директору Иманберди Жалилов:

-Мусулмандар боордоштугу” уюму 1923- жылы Египетте Фасах Абдуллах тарабынан уюшулуп, Африкадагы мусулмандарды кучагына алган. Бир катар террордук актыларды ишке ашырган. Ал эми Түркиядагы “Боз-гурт” улутчул партия, кийинки кезде таасири төмөндөп баратканынан, чет өлкөлөрдө иш-чараларын уюштурууга аракет кылып жүрөт. Ал эми «Асбат аль-Ансар» Индиядагы мусулмандардын таасирдүү уюму болуп саналат. Дүйнө жүзүндө террористтик аракеттери бар деген 100гө жакын эл аралык уюм бар экенин иликтеп билдик. Алардын артында кимдер туруп, кандай уюмдар каржылап, кайсыл өлкөлөрдө иш-аракеттерин жанданып жатканына чейин изилдедик. Бизде 1990- жылдан бери дин эркиндигине жамынып, террористтик маанайды алып жүргөн бир катар уюмдар бардыгы өкүндүрөт. Алар тил үйрөтүү, компьютерди өздөштүрүү же гитара, музыкалык аспаптарды үйрөнүү жана башка максаттарды көшөгө кылып, биздин элдин аң-сезимине түрдүү идеяларды сиңирип жатат. Алардын бири-«Хизбут-Тахри» исламдык кайра жаралуу партиясы.

Өлкөдөгү саясый кырдаалдын курчушуна ислам дининин өкүлдөрүнүн таасири жоктугун Кыргызстандын мусулмандарынын муфтийи Мураталы ажы Жуманов мындайча билдирди:
- Ислам - бул тынчтыктын дини.Терроризмди исламга жармаштыра берүү жарабайт. Чыныгы исламды таанып, окуп, түшүнгөн адам эч убакта террористтик актыларга катышпайт. Жакшы да, жаман да иштердин баары кудайдын буйругу менен болот. Учурда өлкөнүн мусулмандары эч кандай чыр-чатактарды каалабайт. Кооптонуунун, тынсыздануунун кереги жана негиз жок.

XS
SM
MD
LG