Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:06

Ош шаардык салык инспециясынын имараты басылып алынды


Эртең менен жумушка келишкен салык инспекциясынын кызматкерлери өз жумуш орундарына кире алышкан жок. Имараттын алдын тосуп алышкан аялдардын тобу өкмөттүн кирешелер боюнча комитети тарабынан Ош шаардык салык инспекциясынын башчылыгына Жаныш Макамбаевди дайындоого каршы экендиктерин билдиришти. Аталган дайындоого ишенбөөчүлүк билдирген аялдардын бири Гүлсара Карабаева Жаныш Маканбаев мурда “Алга, Кыргызстан!” партиясынын активдүү мүчөсү болгон жана элдик толкундоолор учурунда элге каршы иштеген деген айыптоо менен ал адамдын мындай кызмат ордуна келүүсүнө каршы экендиктерин билдирди.

Ал эми Жаныш Маканбаев шаардык салык инспекциясына мыйзамдын негизинде өкмөт трабынан дайындалып келгендигин айтып, ишке киришүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү суранды. Бирок жагалданган аялдардын тобу үч саат бою салыкчыларды жумуш орундарына киргизбей, коюлган талаптары аткарылмайынча таркабай тургандыктарын жарыя кылышты. Андан соң салык инспекциясынын жаңыдан дайындалган башчысы Жаныш Маканбаев кызматтан өз ыктыяры менен бошонуу жөнүндө арыз жазууга мажбур болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG