Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:38

«Каракол жарандык бирлик» коомдук бирикмеси президенттик шайлоого карата иликтөө жүргүзө баштады


Мындай маалыматты “Каракол жарандык бирлик” коомдук бирикмесинин теңтөрагасы, “Асаба улуттук кайра жаралуу” саясий партиясынын облустагы бөлүмүнүн лидери Канымет Жакыпбектегин таратты. Анын айтымында, алдыдагы президенттик шайлоодо атсалышуучу республиканын президентинин милдетин аткаруучу, өкмөт башчысы Курманбек Бакиевдин талапкерлигин жергиликтүү бийлик ээлери дээрлик колдошот. Ал эми карапайым калк президенттик шайлоонун таза, адилеттүү жана калыс өтүшү үчүн талапкерлер эң ириде өздөрү республиканын Баш мыйзамына ылайык иш жүргүзүлөрү керек. Ал мыйзамдуулук сакталган жерде акыйкаттык болот деген ишенимде. Ошентсе да айрым иликтөөлөрдөн көрүнгөндөй, президенттик шайлоо таза жана калыс өтөөрүнөн күмөн санагандар да бар дейт Канымет Жакыпбектегин.

XS
SM
MD
LG