Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:42

Орусиядан Кыргызстанга гумжардам келет


11-12-апрель күндөрү Москвада болгон иш-сапарынын учурунда Роза Отунбаева Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Россия Федерациясынын катчысы Игорь Иванов, Жамааттык коопсуздук боюнча кызматташтык уюмунун төрагасы Николай Бордюжа жана башка расмий адамдар менен жолугушту. Тараптар Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык, маданий кызматташууларды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда ошондой эле Кыргызстандагы саясий кырдаал жөнүндө да сөз болду. Роза Отунбаева Россиянын жетекчилигине Кыргызстанга берилген гуманитардык жардам үчүн ыраазылык билдирди. Бул тууралуу 13-апрелде тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG