Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

«Эркиндик» партиясы Аскар Акаевди жоопко тартууну талап кылууда


Топчубек Тургуналиев жетектеген «Эркиндик» партиясы 13-апрелде премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров жана БШК башчысы Туйгуналы Абдраимовго кайрылуу жолдоду. Кайрылууда кызматтан четтетилген мамлекет башчы Аскар Акаевден кол тийбестик укугун алып салуу зарылдыгы белгиленген.

Ошондой эле кайрылуу ээлери Аксы окуясындагы атуулдарды атылышы, кыргыз жеринин Кытайга берилиши, төрт жолу өткөрүлгөн референдум аркылуу эң жогорку бийликтин ыйгарым укуктарын өз колуна топтоп алышы, өлкөдөгү кирешелүү тармактарды жең ичинен менчиктештирип, элди жакыр абалга жеткиргендиги үчүн Аскар Акаевге каршы кылмыш ишин козгоп, жоопко тартуу демилгесин көтөргөн.

XS
SM
MD
LG