Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

Президенттик шайлоо өткөрүү үчүн шайлоо комиссиялары түзүлө баштады


Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүү үчүн райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары 12 апрелден 19-апрелге чейин улантылат. Шайлоо комиссияларынын түзүлүшү саясий партиялар менен коомдук бирикмелердин, шайлоочулардын жыйындарынын сунуштарынын негизинде түзүлүүдө. Алардын сунуштары 16-апрелге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылууга тийиш. Өлкөнүн Шайлоо кодексине ылайык, шайлоо комиссиясынын курамына кирген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн бир бөлүгүнөн ашпашы керек. Кодексте каралгандай, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн саны да комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн бир бөлүгүн гана түзөт.

Жогорку Кеңештин 11-апрелдеги токтомуна ылайык, Кыргызстандагы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо ушул жылдын 10-июлунда өткөрүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG