Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Эки округда кайра шайлоо өткөрүлөт


Нарын облусунун № 34 Кочкор, Ысыккөл облусунун №75 Тоң шайлоо округдарында 5-июнда кайра шайлоо өткөрүлөт. Мындай токтом БШК нын 13-апрелдеги отурумунда кабыл алынды.

Буга чейин аталган шайлоо округдарында шайлоочулардын 60 пайызы бардык талапкерлерге каршы добуш беришкен.

БШК нын ушул эле күнкү отурумунда Талас обласынын №55 шайлоо округундагы он беш шайлоо участогунда да эки аптанын ичинде кайрадан добуш берүү өткөрүү тууралуу токтом кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG