Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:00

Хьюман Райтс Уоч уюму Грузин өкмөтүн сынга алды.


Роза революциясынын” натыйжасында бийликке келген жаңы жетекчилик түрмөлөрдөгү кыйноолорго каршы жетиштүү чара көрбөй жатат, - делинет уюмдун отчетунда.

Хьюман Райтс Уочтун Грузия боюнча эксперти Матильда Богнер “Азаттыктын” кабарчысына билдиргендей:

Грузин өкмөтү бир катар реформаларды жүргүзүп жатат, алдыда да көптөгөн пландары бар. Бирок тилекке каршы, ошол аракеттерден майнап чыкпай жатат. Түрмөлөрдөгү кыйноо фактылары боюнча тергөө жакшылап жүргүзүлбөй жаткандыгы жөнүдө көптөгөн арыздар келип түшүүдө. Кыйноолор үчүн жазалангандар да аз.

Уюмдун ырастоосунда, өкмөттүн айрым позитивдүү кадамдарына карабай, азыркы система күч колдонуу органдарына “пара үчүн эркиндик” деген соодалашууну жүргүзүүгө шарт түзүүдө.

XS
SM
MD
LG