Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Украинанын өкмөт башчысы Юлия Тимошенко Россиядагы сапарынан баш тартты.


Украинанын өкмөт башчысы Юлия Тимошенконун басма сөз катчысы жазгы талаа иштеринин башталып калышына байланыштуу премьер Россияга пландаган визитин кийнкиге калтырды деп маалымдады.

Виталий Чепиноганын айтымында, президент Виктор Ющенко айдоо кампаниясы аяктаганга чейин Тимошенко чет өлкөлөргө баруудан кармансын деп сунуш эткен.

Буга чейин Украинанын экономика министри Сергей Терехин визиттин үзгүлтүккө учурашын Россиянын башкы прокурору Владмир Устиновтун кечээки сөздөрү менен байланыштырган эле. Устинов Тимошенконун иши жабыла электигин жана аны камакка алуу боюнча эларалык ордердин күчүнөн кете электигин атйкан эле.

Тимошенко Украинанын негизги газ ишканасын жетектеп турган кезинде Россиянын коргоо министрлигиндеги чиновниктерди паралаган деп күнөөлөнүүдө. Тимошенко бул айыптоолор саясий өңүткө ээ деп ырастап келатат.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Думанын төрагасы Борис Грызлов украин өкмөт башчысынын визитине тоскоолдукатр жок деп билдиришти.

XS
SM
MD
LG