Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:59

ВАТИКАНДЫН ЖАҢЫ ПАПАСЫНЫН МИЛДЕТТЕРИ


2-апрелде кайрылгыс сапарга кеткен Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Папа Иоан Павел 2-чинин ордуна шайланчу диниятчыны кандай сыноолор күтүүдө? Ватикандын жаңы башчысы кайсы маселелерге айрыкча маани бериши абзел? Талдоочулар менен диниятчылардын айтымында, Ватикандын жаңы жетекчиси эң алды ислам дини менен кызматташууну жакшыртышы шарт.

Рим-католик чиркөөсүнүн келерки башчысы же Папа 18-апрелде шайланыш керек. Тарса-католиктертери Кудайдын жердеги элчиси катары көргөн Папаны жашы сексенден аша элек 115 кардинал сака таштап шайлайт.

Талдоочулар 1 миллиард 100 миллион чамалуу католиктердин болочок көсөмүн өтө оор жүк күтүп турагын айтышууда. Тарыхчы жана айына бир чыкчу “Ватикан руху” журналынын башредактору Роберт Мойнихан жаңы Папа тарсалар менен мусулмандар арасында “мүмкүн болчу цивилизациялар кагылышын” болтурбоого артыкча көңүл бурушу зарыл деген ойдо:

- Тарсалар исламдан заарканып турушат: Ислам (дини) сөз менен ишендирүү маанилүү экенин мойнуна алышпайт. Мусулмандар адамдарды исламга кыстап өткөрүү үчүн өкмөттүн күчүн, аскердин кубатын пайланууну каалашат. Бу маселеде өтө күчтүү жана тынбаган талаш жүрүүдө. Ислам бизди бул талашка тартууга аракеттенүүдө.

Папалыкка талапкерлердин бири Нигериянын кардиналы Францик Аринзе да ислам менен сүйлөшүүгө барууну келечектеги негизги вазийпасы катары көрөт.

Диндер аралык чатак акыркы жылдары Африкада көп болууда. Ислам жана протестант диниятчыларынын атаандаштыгына карабай континеттке католик чиркөөсүнө чокунгандар тез көбөйүүдө. Нигерия жана Суданда тарсалар менен мусулмандардын араздашуусу он миңдеген адамдардын өмүрүнө азар кылды.

Ватикандын келерки башчысы африкалык католиктерди көбөйтүүнү кааласа, башка диндер менен чырлашпай мунаса табуусу абзел деп санайт АКШнын Эфиопия жана Буркина Фасодогу мурдакы элчиси Дэвид Шинн:

-Диндер ортолук кызматташунун концепциясына өзгөчө маани берүү керек. Жаңы попту шайлоодо, маселен, Африкадагы католик чиркөөсүнүн мааниси, Африкада католик дини ылдам өсүп баратканы жана католиктер аткарчу роль эске алынса. Протестант жамааты менен мусулмандар ар бир адамдын кызыкчылыгына ылайыктуу аттандыштыккка көңүл бургулары келбейт.

Мурдакы элчи Дэвид Шинн азыр Жорж Вашингтон университетинде дарс окуйт.

Көпчүлүк талдоочулардын айтымында, Рим-католик чиркөөсү экономикалык теңсиздик жана глобализация маселесинде бир көз карашты тутушу, эми шайланчу Папа болсо тез өнүп-өсүп бараткан өлкөлөргө кунт бөлүшү шарт.

Узак жалдырдан бери Ватикандын ишмердүүлүгүн кылдат үйрөнүп, ага көптөгөн эмгектерин арнаган римдик аалым Жерард О”Коннелдин сөзүнчө:

- Көпчүлүк кардиналдар байлар менен жардылар арасындагы ажырымды, ислам менен диалого баруудан да үлкөн проблема -глобализация экенин көрүшүүдө.

Баша бир талдоочулар секуляризмди Ватикандын жаңы лидери алдындагы эң талуу маселе дешет. Алардын бири, италиялык диниятчы Романо Скалфи мурдакы советтик мейкиндикте секуляризм өтө жайылып баратканын бараткандыктан, бөл өлкөлөрдөгү коомдук мектептерде диний талкууларга жол берилбеш керек; католиктер менен ортодокс чиркөөсү келечекте дал секуляризмге каршы чогуу турушу абзел деген пикирде.

-Экуменизм биздин миссиябыз менен түздөн-түз байланышта экенин биз көрүп жатабы. Андыктан, (динге) ишенбей сын көз менен караган, текеберленген (секуяристтер) Батыш жана Россияга туудурчу коркунучка каршы чогуу күрөшүүбүз зарыл.

Скалфи мырза жарым кылым чукул өмүрүн Рим-католик жана Орус ортодокс чиркөөлөрүнүн кызматташуун жакшыртуу жаатында талбай эмгектенип келет.

Экуменизм – христаиндардын бардык диний агымдарынын биримдигине жетүүнү алдына максат кылган тарсалардын кыймыл.
XS
SM
MD
LG