Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

КҮРТТӨРГӨ КҮН ТУУДУБУ?


Эсенбай НУРУШЕВ Ирактын президенти болуп Жалал Талабани шайланганын региондогу бир нече өлкөдө бөлүнүп-чачылып жашаган күрттөр өздөрүнүн чоң жеңишиндей майрамдашты. Бул окуя Ирак менен Иранда, Түркия менен Сирияда болсун, бардык жерде жергиликтүү күрттөрдү улуттук убар-кубаар жагынан жакындашып, баш кошконго шыктандырышы мүмкүн. Ошол эле учурда алардын сепаратисттик күчаласын күчөтүп, жалпы региондогу жаңы жаңжалдын отун тутантып салышы да ыктымал.

Жалал Талабани жалпы эле Жакынкы Чыгыш аймагында чоң бир өлкөнүн президенттигине жеткен биринчи күрт болду. Арап жана иран маселелерине адистешкен Лондондогу иликтөө борборунун директору Алиреза Нуризаденин айтымында, президенттик кызматка Талабини дайындалганы мааниси жагынан Берлин дубалы кулагандай эле окуядай болду. Бул эми бүткүл региондогу күрттөргө демөөр бермекчи.

Нуризаде бардык жерде күрттөр бул окуяны шатыра-шатман түшүп майрамдашканын белгиледи. Ирандагы күрттөр Макабат жана Сар-Дашт шаарларында көчөлөргө чыгып, сайран курушту.Сирияда, Түркияда да күрттөр ушинтишти. Бардык жерде бул күрттөргө бөлүнүп-жарылбагыла,бирок демократияга жеткенге умтулгула дегендей ачык ишаара болду. Ирактагы өнөгө, Нуризаденин айтымында, сепаратизмден көрө демократия аркылуу күрттөр өздөрүнүн улуттук мүдөөсүнө - эгемен өлкөгө - эрте жетсе болорун көрсөттү.

Региондогу төрт өлкөдө баары болуп 30 миллиондон ашуун күрт бар. Эгер алар өздөрү байырлап турган аймактардын баарын бирдиктүү күрт мамлекети кылып бириктиргенге умтулса, мунун арты региондогу жаңы жаңжалга алып келери калетсиз.

Лондондук дагы бир аналитик,теги күрт Камран ал-Карадаги да Багдадда бийлик башына Талабани келгени жалпы күрттөрдүн, айрыкча түндүк Ирактагы күрттөрдүн чоң жеңиши болду дегенге кошулат. Бирок бу жеңиш,анын ишениминде, күрттөрдү эгемен мамлекетти эңсеген мүдөөдөн баары бир айныта албайт. Ирактагы күрт калкы январдагы шайлоого катарлаш бейырасмий түрдө референдум да өткөрдү, добуш бергендердин 97 проценттен ашыгы көз карандысыздык идеясын жактады, дейт ал-Карадаги.

Күрттөр үчүн мамлекеттик маанилүү кызматтарга караганда эгемендик түпкүлүктүү максат бойдон калды. Азырынча мындай планды жүзөгө ашыруу геосаясий кырдаалдан улам мүмкүн эместигин күрт саясатчылары таасын түшүнөт.Талабани ошентсе да Ирактын түндүгүн федералдык өлкөгө айлантууда улутташтарына жөлөк болуп бериши мүмкүн.

Бирок Талабани мындай пландары бар экенин айта элек, буга ирак араптары – шейиттер менен сүннүлөр бирдей каршы болорун ал билет. Анын үстүнө алардын ишенимин да кайт кылгысы келбейт. Талабаниге ирактыктар түгүл, жалпы региондогу араптар да ишенет. Египеттин мурдагы президенти Абдел Насер, иордан падышалары, бардык эле арап өлкөлөрү менен Талабани жакшы мамиле күткөнгө жетишкен, ошо себептен анын президент болуп шайланганын арап дүйнөсү каршыга кабыл алган жок. Талабани атүгүл сириялыктар менен да дурус ымалада. Эгер президенттикке андан башка күрт көрсөтүлсө, анда мамиле таптакыр башка болмок, дейт Нуризаде.
XS
SM
MD
LG