Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:47

УЛУТТУК ГВАРДИЯ ЭЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛАТ


Кабыл Макеш : Кыргызстанда Улуттук гвардия түзүлгөнүнө 13 жылдан ашты. Улуттук гвардия өлкөнүн мамлекеттик өзгөчөлүктөрүнүн бири катары таанылды. 24-марттагы ыңкылапта Улуттук гвардиянын жоокерлери жана офицерлери элге каршы курал колдонгон эмес. Учурда Улуттук гвардияны таратуу керек деген сыяктуу пикирлер айтылууда. Мындай пикирлерге негиз барбы?

Кыргыз мамлекети эгемендүү болгону Улуттук гвардия генерал Абдыгул Чотбаевдин демилгеси менен түзүлүп, өз алдынча аскер бөлүгү катары иштей баштаган. Улуттук гвардиянын жоокерлери өкмөт үйүн, мамлекеттик резиденцияны, Жогорку кеңештин, Конституциялык жана Жогорку сотордун жана башка мамлекеттик мекемелердин имараттарын кайтаруу, чет өлкөлүк жогорку даражалуу меймандарды тосуп, ардактуу кароолдо туруу сыяктуу милдеттерди аркалап келатат. 1999- жылдагы Баткендеги коогалаңды басууга Улуттук гвардиянын жоокерлери да катышкан. Бишкектеги Алатоо аянтындагы Кыргызстандын мамлекеттик туусунун алдында жайы-кышы ысык-суукка карабай ардактуу кароолдо турган да ушул улуттук гвардиянын жоокерлери.

24-мартта болуп өткөн өлкөдөгү ыңкылапта өкмөт үйүн кайтарып турган Улуттук гвардиянын жоокерлери, офицерлери элге каршы курал, күч колдонгон эмес. Ыңкылаптан кийин Улуттук гвардияны жоюп, өлкөнүн коргоо министрлигинин курамына кошуу керек деген пикирлер айтылууда. Айрымдары Улуттук гвардияны өлкөнүн коопсуздук кызматынын карамагына берүүнүн зарылдыгын айтышууда.

Улуттук гвардияны негиздеп, базасын түзгөн генерал-полковник, аскер башчы Абдыгул Чотбаев:
- Мындай сөздөрдү айтып жүрүшкөндөр менин эле кесиптештерим. Айрымдары биздин Улуттук гвардиянын иш-аракеттерин көрө албагандыктан айтып журүшөт. Президенттин милдетин убактылуу аткаруучу премьер- министр Курманбек Бакиев менен жолуктум. Ал Улуттук гвардиянын жоокерлери 24 мартта элге каршы курал колдонбой, туура кылышканын белгиледи. Мурдагыдай эле кызмат кылып жатабыз. Чет өлкөлөрдүн элчиликтеринин аскер аттешелери менен кезигип, мурдагы келишимдер, кызматташуу тууралуу чечимдер күчүндө калганын белгиледик. Алар биздин жоокерлерге жардамын аянбастыгын айтышты. 13 жылдан бери Улуттук гвардияны өзүнчө аскер бөлүгү катары түзүп, 4-5 база курууга да жетиштик.

Улуттук гвардиянын керектигин, бирок анын милдеттерин тактап, Орусияда ардактуу кароолдо турган ротадай чакан гана бөлүккө айландуруу зарылчылдыгын Бишкек шаардык Жогорку аскердик окуу жайынын атайын курсунун башчысы, полковник Болотбек Казакбаев мындайча билдирди:
- Чынында Улуттук гвардия керек. Бирок, өкмөт үйүн, мамлекеттик резиденцияны жана башка мекемелерди кайтаруу алардын милдети эмес. Андай имараттарды кайтаруу үчүн коопсуздук кызматы, кароол кызматы, ички иштер министрлигинин курамы бар. Бирин-бир кайталай берип, казынадан оңбогондой каражат чыгымдалып жатат. Улуттук гвардия ардактуу кароолдо турган Орусиянын ротасындай чакан гана кызмат болуп, өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын карамагында болуусу ылайыктуу.Ал чет өлкөлөрдөн келген ардактуу меймандарды тосуп, узатуу милдетин гана аркалоосу зарыл. Мындай Улуттук гвардиянын жоокерлерин, офицерлерин казынанын эсебинен кармап туруу маскатка ылайык эмес деп ойлойм. Өлкөнүн коргоо министрлигинин курамына кошуу тууралуу сунушту колдоого албайм.

Өлкөдөгү коопсуздукту жана тынчтыкты сактоо максатында азыр Улуттук гвардиянын жоокерлери ички иштер кызматкерлери менен түңкү күзөткө чыга баштады. Улуттук гвардия мурдакыдай эле өз милдеттерин аткарууда. Генерал Абдыгул Чотбаев
өзү 24-марттагы окуяда токмок жеп дарыланып жаткандыгына карабай кызматка чыкканын билдирди,
XS
SM
MD
LG