Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:46

Жалалабад облусунун аймагында жер көчкү коркунучу күчөп баратат


ЖАЛАЛАБАТ. Чукул кырдаалдар боюнча облустук башкармалыктан 14-апрелде алынган маалыматка караганда, жер көчкү коркунучу Сузак районундагы Ортотокой чарбасында күтүлүүдө. Чарбанын аймагындагы 150дөн ашык үй-бүлөнү башка жерге көчүрүү зарыл. Майлуусуу шаарындагы «Кыргызэлектроизолит» заводу жайгашкан 300 метр жерге 13-апрелдин кечинде 300 миң куб метр өлчөмдөгү жер көчүп, 3 миңден ашык адам жашаган Сарыбээ айылы менен шаардын ортосундагы автокатнаш үзүлдү. Жер көчкүдөн улам сел пайда болуп, суу ташкын өнөр жай ишканасын аралап агууда. Жер көчкү менен суу ташкынынан улам шаар экономикасы 5 млн. сом зыян тартты. Шаардын башка тарабында үч жума мурда жүргөн жер көчкүдөн эки кыз набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG