Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:18

Нарындын губернатору Улуттук Банкка барды


БИШКЕК. Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Нарын облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп Жыргалбек Азылов дайындалды. Губернатордун милдетин буга чейин аткарган Шамшыбек Медетбеков Курманбек Бакиевдин буйругу менен Улуттук Банктын башкармасынын мүчөсү болду. Ушуну менен Улуттук Банктын башкармасынын курамы кайра бир адамга көбөйдү. Банктын 9 адамдан турган башкармасынын тутуму былтыркы чечим менен 7 адамга чейин кыскартылган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG