Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:56

Токтогул районунун Торкен айылынын тушунда тосулган Ош-Бишкек жолу ачыла элек


ЖАЛАЛАБАД. Депутат Тайырбек Сарпашевдин 600дөй жактоочусу Токтогул шайлоо округундагы 7 участкадагы шайлоону жараксыз деп чечим кабыл алган райондук соттун түшүндүрмө берүүсүн жана Жогорку Соттун акыйкат чечим чыгаруусун талап кылууда. Шайлоочулардын айтымында, талапкер Токтосун Мадияровдун арызы менен 12-апрелде сот негизсиз бүтүм кабыл алган. 14-апрелде шайлоочуларына жолду ачуу тууралуу парламент аркылуу кайрылган Сарпашев шайлоочулары ишенимдүү кишилеринин өтүнүчүн да четке каккандыгын билдирди. Тосулган жолдун эки жагында 13-апрелден бери 7 чакырымдан да узагыраак аралыкка автоунаалар менен жүргүнчүлөр топтолду. Айрым автоунаалардын айнектери талкаланды. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын аймактагы координатору Талант Назарбаев Токтосун Мадияров кайра шайлоо өткөрүү, Тайырбек Сарпашев сот чечимин жокко чыгаруу талаптары менен Жогорку Сотко кайрылышканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG