Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:11

Бермет Акаева Кыргызстанга кайтып келди


БИШКЕК. Экс-президент Аскар Акаевдин кызы, Жогорку Кеңештин депутаты Бермет Акаева 14-апрелде Жогорку Кеңешке жумушка чыкты. Анын журналисттерге билдирүүсү боюнча, Кыргызстандагы болгон окуя мамлекеттин тарыхындагы кайгылуу мезгилдин бири. Бирок өлкөнүн тынчтыгы, элдин бейпил турмушу үчүн үмүттөнүп иштөө зарыл. Ал ошондой эле азыркы оор абалдан кооптонбостугун жана ѳзү шайланган №1 Университет шайлоо окургундагы шайлоочуларынын ишеними үчүн депутаттык ишин улантаарын белгиледи. Бермет Акаева иниси Айдар Акаевдин өлкөгө кайтып келип, депутаттык ишин улантаарын да кабарлады. Спикер Өмүрбек Текебаев менен анын орун басары Болот Шерниязов Бермет Акаева менен сүйлөшүп, БШК менен соттор бир чечимге келип, анын депутаттыгы толук анык болмоюн ишке келе албастыгын билдиришти. Бул тууралуу парламенттин басма сѳз кызматы кабарлады. Парламент жетекчилери андан тышкары анын ишке келүүсү элдин кыжырдануусун күчѳтүп, чатак чыгаруусу мүмкүн экендигин эскертишкен. Ушундан улам Бермет Акаева кайра кетүүгѳ аргасыз болгон. Жогорку Кеңештин имаратынын алдында нааразылык билдирген Элдик Революцияны колдоо комитетинин ондон ашуун мүчөсү Бермет Акаеваны депутаттык укуктан ажыратууну талап кылып турушту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG