Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Пакистан, Түркмөнстан жана Ооганстан газ ташуу жолу боюнча макулдашууга жетишишти


Макулдашуу Азия өнүктүрүү банкы Ооганстан аркылуу өтүүчү газ жолунун долбоорун жактыргандан кийин жетишилди. Пакистандын Мунай министри Аманулла Жадон кечээки макулдашууну үч тарап үчүн тең жакшы жышаана деп баалады:

«Азиялык банк учурдагы шарттан алганда бул долбоордун келечеги бар жана ишке ашырууга болот деп тапты. Бул Пакистан, Ооганстан жана Түркмөнстан үчүн кубанычтуу окуя” деди ал.

Пакистандын өкмөт башчысы Шавкат Азиз 1600 чакырым келген газ куурлары аймактык кызматташттыкты бекемдейт деген үмүтүн билдирди.

XS
SM
MD
LG