Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:39

КЫТАЙ МЕНЕН ЯПОНИЯДА УЛУТЧУЛДУК ӨСҮҮДӨБҮ?


Айнура Жекше кызы Өткөн аптанын соңунда Кытайда Японияга каршы демонстрациялар каптап, Бээжин менен Токио ортосундагы мамилелер салкындай түштү. Кытайлыктардын нааразылыгын Япониянын өкмөтү тарабынан жактырылган тарых боюнча жаңы окуу китеби жаратты. Анда Япониянын Экинчи дүйнөлүк согуштагы ролу бурмаланып жазылган. Шейшембиде Кытайдын өкмөт башчысы Вен Жибао Япония БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчөө болуу далалатын кайра карап чыгыш керек, Токио адегенде тарыхтын алдында жооп берүүгө тийиш деген билдирүү жасады. Бул – эки өлкөдө тең улутчулдук өсүүдө дегенди билдиреби? Жаңжалдын арты кандай болушу мүмкүн?

Европа Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 60 жылдыгын белгилөөгө даярданып жатат. Көп жылдардан бери Германия күнөөсүн актап, нацизимден жабыркагандарга компенсация төлөп келатат. Андан айырмаланып, Япония согуш учурундагы агрессиясы, 1930-жылдардагы колониалдык ролу үчүн жарым жартылай кечирим сураган.

Япониянын оккупациясынан өзгөчө жапа чеккен өлкөлөрдүн бири Кытай. Нанкин шаарында эле 300 миңге жакын кытайлык кырылып калган.
Бул жана башка фактылардын Япониянын жаңы окуу китебинде айтылбаганы, өлкөнүн колониалдык өткөн чагы жумшартылып чагылдырылганы кытайлыктардын катуу нааразылыгын пайда кылды.

Эксперттер эки держава ортосундагы мамилелердин начарлашы Чыгыш Азиядагы баланстын өзгөрүп жаткандыгынан ишара берет деп, улутчулдуктун, өзгөчө Кытайда, өсүп бараткандыгын тынчсыздануу менен белгилешет. Ошол эле мезгилде региондогу чет өлкөлүк тарыхчылар Япония тарыхый чындыкты жашырбашы керек деп эсептешет.

Колумбия университетинин профессору, Япониянын жаңы тарыхы боюнча адис Кэрол Глюк китептин жактырылышын Япониядагы ички проблемалар менен түшүндүрөт. Премьер-министр Юнихиро Коидзуми электораттын консервативдүү бөлүгүн өзүнө тартууну көздөп жатканы айкын дейт Глюк айым.

Кытайдын премьер-министри Вен Жибао шейшемби күнкү өзүнүн билдирүүсү менен Токионун Коопсуздук Кеңешинде туруктуу орун алуу мүдөөсү Бээжинди канчалык кыжырдантып жатканын ачык билгизип койду. Балким, ошол себептен, Кытай өкмөтү Японияга каршы массалык чыгууларга жумшак мамиле жасады дешет байкоочулар.

Оксфорд университетинин Кытай боюнча адиси Рана Миттер Бээжиндин дипломатиялык сахнадагы аброюнун артып жатышы, өлкөнүн экономикалык ийгиликтерине байланыштуу деген пикирин ортого салат. Кытайдын экономикалык таасиринин күчөшү өз кезегинде Япониянын региондогу кызыкчылыктарына коркунуч туудурат.

Кытай болсо калк арасында өсүп бараткан улутчул аң сезимин Тайвань жана Японияга басым жасоодо пайдалангысы келет. Бээжин элдин көз карашын эркин билдирүүсүнө жол берип, ошол эле мезгилде мындай терең нааразылыкты күткөн эмес көрүнөт:

Япониянын согуш учурундагы, азыркы күндөгү саясатына каршы массалык демонстрацияларга Кытай өкмөтү өзү уруксат берди. Бирок элдин нааразылыгы партия каалагандан күчтүүрөөк болуп чыкты. Башкача айтканда, Бээжин коомдук пикирди ачык билдирүүгө жол берип, ошол эле мезгилде аны көзөмөлдөн чыгарбай, контролдоп тургусу келет- дейт Миттер.

Япониянын өзүндө болсо тарых китептерине байланышкан талаш-тартыштар окумуштуулар арасында көптөн бери эле уланып келатат. Өткөн аптада жактырылган улутчул маанайдагы китеп мектеперге сунуш этилген тарых китептеринин бири эле. Ар бир окуу жайы кайсы окуу куралын пайдаланаарын өзү чечет. Адилеттүлүк үчүн айта кетели, сөз болуп жаткан китеп оңчул көз карашты чагылдырат. Аны япон калкынын чакан эле тобу карманат.
XS
SM
MD
LG