Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Ош-Бишкек жолун Токтогул районунда тосуу уланууда


ЖАЛАЛАБАТ. Ош-Бишкек жолун буушкандар премьер министр Курманбек Бакиевдин келүүсүн, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун кызматтан кетип, жети шайлоо участкасындагы шайлоону жараксыз деп тапкан райондук соттун чечимин жокко чыгарууну талап кылышууда. 15-апрелде райондогу аксакалардардын өтүнүчүнө да макул болушпаган Тайырбек Сарпашевдин эки жүз элүүдөн ашык жактоочусу талабы орундалганда жолду ачаарын билдиришкен. Убактылуу аким Талант Орозовдун маалыматы боюнча 15-апрелде Бишкек-Ош тараптан келаткан 250 автоунаа токтоду. 13-апрелде ондон ашык автоунаанын айнектери талкаланган. 800 жактоочусу жол тосконун маалымдаган депутат Тайырбек Сарпашев жол ачуу максаты менен бүгүн Токтогулга барарын айтты.

XS
SM
MD
LG