Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:20

Адистер ыңкылап туризмге терс таасир этет деп кооптонушууда


БИШКЕК. 24-марттагы ыңкылапка байланыштуу Кыргызстанга келүүнү аярлай турууну өз жарандарына Евробиримдикке кирген 12 мамлекет эскертти. Ал эми бир катар өлкөлөр Кыргызстандагы жагдайга тынчсыздануусун билдирип, тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева 15-апрелде туроператорлор менен болгон жолугушууда билдирди. Ал эми туроператорлор быйылкы жайда Кыргызстанга туристтерди тартуу кыйынчылыктарды туудурарын болжоп жатышат. Муну алар 24-марттагы ыңкылап жана 10-июлда боло турган президенттик шайлоо менен байланыштырышууда. Мындан тышкары паспорттордун жетишсиздиги, туристтерди тейлөөчү тармактардагы коррупция да туризмге тоскоолдук кылышы ыктымал. Ошондуктан, туроператорлор жагдайды турукташтыруу үчүн ириде паспортко байланышкан тоскоолдуктарды чукул чечүү зарыл деп эсептешүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG