Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

№1 Университет округу боюнча арызды сот үч күндө карашы ыктымал


БИШКЕК. №1 Университет шайлоо округунан Бермет Акаева менен ат салышкан талапкер Болотбек Мариповдун доо арыздарын үч күндүн ичинде иликтеп, ак-карасын аныктап берүүнү сурап Парламент Жогорку Сотко, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Парламенттин 48 добуш менен мындай чечим чыгарышына имараттын алдында митингге чыккандардын атынан Мариповдун парламентке келип, сөз сүйлөшү негиз берди. Мариповдун айтымында, арыздарды аталган тараптар бир айдан бери карабай жатышат жана аны саясий агымдын курмандыгы катары аташууда. Бермет Акаеванын парламентке келиши мындай мамиленин жөнүн аныктап отурат деп билдирди Марипов. Анын айтымында, эл стабилдүүлүк орнооруна ишенбей, өз келечеги үчүн тынчсыздана баштады. Бермет Акаева болсо мындан бир күн мурда парламентте келип, журналисттерге №1 Университет шайлоо округунда шайлоо чынчыл өткөндүгүн, мыйзам бузбагандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG