Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАШ БАЛБАНДАРДЫ СЫНОО БОЛОТ


Кабыл Макеш Эгемендүүлүктү алгандан бери грек- рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар Азия жана дүйнөлүк биринчиликтерде таанылган. Кыргызстандын тарыхында Раатбек Санатбаев дүйнө чемпионатынын коло медалын жеңип алган. Ошондон бери ар жыл сайын Азия, дүйнө биринчиликтеринде кыргызстандык жигиттер мөрөй алып жүрүшөт. Өлкөдөгү грек- рим күрөшүнүн учурдагы ал-абалы кандай, келечегинен үмүткөр кылган жаштар барбы?

Эгемендүүлүктү алгандан бери кыргызстандык грек- рим күрөш балбандары үчүн эл аралык деңгээлдеги мелдештерге жол ачылган. 1994- жылы Жапаниянын Хиросима шаарында өткөн 12-Азия оюндарында кыргызстандык Раатбек Санатбаев күмүш, Руслан Гебеков коло медаль жеңип алышып, кыргыз спорт тарыхынын жаңы барагын ачышкан. Ал эми 1996-жылы Атланта шаарында өткөн 26-жайкы олимпиадалык оюндарга кыргыз спортунун тарыхында алгачкы болуп грек- рим күрөшүнөн Азиянын 2 жолку чемпиону Раатбек Санатбаев катышкан. Сидней олимпиадасына Азия оюндарынын жана чемпионаттарынын жеңүүчүсү Раатбек Санатбаев менен жаштар арасында дүйнө чемпиону Уран Калилов катышкан.

Ошондой эле Афина олимпиадасына Кыргызстандан 5 балбан жолдомо алып, грек- рим күрөшүндө намыс талашкан. Алар - Азия чемпиону Геннадий Чхаидзе, жаштар арасындагы дүйнөнүн 2 жолку жеңүүчүсү Уран Калилов, жаштар арасында Азия, дүйнө биринчиликтеринин жеңүүчүлөрү Жанарбек Кенжеев, Канат Бегалиев жана 14-Азия оюндарынын күмүш медаль ээси Данияр Көбөнов.

Азия, дүйнө биринчиликтеринде кыргызстандык балбандар Уран Калилов, Асылбек уулу Динарбек, Жанарбек Кенжеев, Чыңгыз Коңурбаев, Шералы Капаров, Азат Эркинбаев жана башкалар байгелүү орундарды ээлешкен. Каражат маселеси кендирди кесип, команданы толук курамы менен биринчиликтерге алып барууга мүмкүндүк болбой жатканын адистер айтышууда.

15-апрелде Бишкекте жаштар арасында Кыргызстандын биринчилиги башталды. Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Раатбек Мамбетов бул таймашууларда өзүн көрсөткөн жаштар өлкөнүн тандалма командасынын катарында кабыл алынаарын айтты:

- Өлкөдө келечектүү жаштар арбын. Бул биринчиликке Нарын, Ысыккөл, Жалалабад, Талас, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын командалары келишти. Жеңүүчүлөр Түштүк Кореядагы жана Жапаниядагы Азия , дүйнө биринчиликтерине барууга талапкер болушат.

Өлкөдөгү саясый кырдаалдан улам машыгуулар үзгүлтүккө учураганын, табында келаткан балбандар жакында кандай мелдештерге катышаарын улук машыктыруучу Эмил Алыкулов мындайча билдирди:

- Май айында Кытайда Азия чемпионаты болмокчу. Тандалган балбандарды алып барууга даярдык көрүп жатабыз. Дүйшөмбүдө Кантка 10 күнгө машыгууга жөнөп кетебиз. Күзүндө Будапештте дүйнө чемпионаты өткөрүлөт. Кыргыз туусун көтөрүп барып, таймашууга чыгабыз. Ошондой эле быйыл Ташкентте Борбор Азиянын 6-оюндары болмокчу. Дүйнө, Азия чемпионаттарында жана Пекин олимпиадасында медаль жеңүү үчүн азыртан даярдыкты күчөтүп, мыкты шарт түзүү зарыл.

Өлкөдө спрортсмендер үчүн жакшы шарт түзүлбөгөндүктөн жаштар арасында дүйнө биринчилигинин жеңүүчүсү, Афина олимпиадасынын катышуучусу Канат Бегалиев жакында Казакстанга кетип калды. Кыргызстандык Юрий Мельниченконун Казакстанга кетип, Атланта олимпиадасында казактарга алтын медаль утуп бергенин эске алсак, келечектен көптү үмүттөндүргөн балбандарды бул өлкө дагы чакыруусу бышык.

Грек-рим күрөшү менен 8 жылдан бери машыгып, өлкөнү эл аралык аренага тааныткан жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө биринчилигинин жеңүүчүсү Жанарбек Кенжеев коңшу өлкөлөр аны да чакырып, шарт түзүп беребиз деп жатышканын мындайча билдирди:

- Мени Орусия жана Казакстан өлкөлөрү бир нече ирет чакырышты. Москвадан же
Алматыдан үй беребиз, машинаң болот дешкен. Мен андай убадаларга көңүл бурбай, Кыргызстандын ар-намысын жогору койдум. Эми аларга түзүлгөн шарт биз үчүн жомоктогудай десем да ашыкча болбос. Кыргыз элимдин алдында жүзүм жарык жүргөнүм артык. Кыргыз туусун дүйнө чемпионатында жогору көтөрсөм деген тилек.


Быйылкы эң башкы таймашуулар - Азия чемпионаты Кытайда, дйнөлүк чемпионат Венгрияда болот. Кыргызстандын грек- рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Алмаз Касенов балбандар бул таймашууга даярдык көрүп жатышкандыктарын айтат:

- Быйыл даярдык ойдогудай деп айтуу кыйын. Табында турган жигиттердин күүсү жанып калды көрүнөт. 5-6 айдан бери эл аралык бир гана мелдешке барышты. Каражат маселеси кендирди кесип турат. Жакында эле вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов казынага быйыл кошумча 5 миллиард сом түшүүсү ыктымалдыгын айтты. Эгерде ошол чын болсо, спортко дагы кошумча каражат бөлүнөт деген асыл ой бар. Биздин балбандар коңшу Казакстан менен Өзбекстандын жигиттеринен ашса ашат, бирок кем эмес. Аларга шарт түзүп, камкордукка алуу гана зарыл.

15- апрелде башталган грек- рим күрөшү боюнча өлкөнүн биринчилигинин жеңүүчүлөрү 17- апрелде аныкталат.
XS
SM
MD
LG