Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

АКШнын тышкы иштер министри Иранга каршы катаң чараларды колдонууну сунуш кылды


ВАШИНГТОН. АКШнын тышкы иштер министри Кондолиза Райс Ирандын ядролук программасы боюнча мунасалуу пикирге келүү үчүн Иранга каршы катаң чараларды колдонууну сунуш кылды. Вашингтондо өткөргөн пресс-конференцияда журналисттердин "Ирандын ишин Улуттар уюмунун коопсуздук кеңешинин кароосуна өткөрүп берүү керекпи?"-деген суроосуна:
Эгерде азыркы сүйлөшүүлөр натыйжа бербесе, Коопсуздук кеңеши маселени чечүүнүн бир айласы болот. Бул жөнүндө биз Европадагы шериктерибизди кабардар кылганбыз,- деп айтты. Батыш Европа өлкөлөрү Иранды уран байытуудан баш тарттырууга көндүрүүгө аракеттенип жатышат. Анын ордуна алар Иранга экономикалык жардам сунуш кылууда.

XS
SM
MD
LG